Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Адам сатууга каршы күрөшүү аракети Таласта да башталды


ТАЛАС. Талас шаарындагы "Аялзат" жана Карабуура районундагы "Леди Ширин" өкмөттүк эмес уюмдары адам менен соода кылууга каршы иш аракеттерди баштады. Бул эки уюм "Винрог интернешнл" эл аралык кайрымдуулук уюмунун ушул багытта иш жүргүзүү долбоорунун грантын утуп алышты. Талас облусунда да көптөгөн адамдар, кыз-келиндер коңшулаш Казакстанга күн көрүү үчүн жер которуп, мыйзамсыз эмгек мигранты болушуп, андан ары кулчулукка, сексуалдык зомбулукка туш болуп жаткан фактылары арбын. Коңшулаш Тараз шаарында уюшулган кыргыздардын "Манас ордо" коому ушундай тагдырга туш болгон ондогон кыргыздардын башын бошотуп, ата-мекенине кайтарган. 3-август күнү болуп өткөн долбоордун бет ачаар аземинде бул эки уюм негизинен Казакстандагы өкмөттүк эмес уюмдар менен биргеликте иштей тургандыгын айтышты. Долбоордун алкагында жогорку класстардын окуучуларынын арасында эл аралык миграциянын жол-жоболору да окутуп үйрөтүлөт.

XS
SM
MD
LG