Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Кыргызстандык альпинист дарексиз жоголду деген маалымат негизсиз


БИШКЕК. Пакистан менен Кытай мамлекеттинин ортосундагы К-2 чокусун багындыруунун 50 жылдык мааракесине катышуу үчүн Кыргызстандан кеткен альпинисттердин бири Александр Губаев мерт болду деген маалымат жалган. Мындай билдирүүнү бүгүн «Тянь Шань» эл аралык туристтик-альпинисттик борбордон кабарлашты. Борбордун билдирүүсүнө караганда, Губаевдин аман-эсен экендиги тууралуу маалымат бир күн мурда рация аркылуу алынган. Ал эми "Адвенчер тур" фирмасына шилтеме берип, «РИА Новости» агенттиги кыргызстандык альпинисттин бир аптадан бери дарексиз экендигин белгилеп, ал көчкү алдында калып же жарга кирип кетиши ыктымал деген божомол айтылган.

XS
SM
MD
LG