Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Машыгуунун экинчи бөлүгү башталды


БИШКЕК. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун «Чек-2004» аскерий машыгуусунун экинчи этабы бүгүн Кыргызстанда башталды. Ал 6-августка чейин уланат. Бул тууралуу коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, машыгуунун алгачкы этабы 2-августа Казакстанда башталган. Анын жүрүшүндө Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн биринде антитеррордук операцияларды өткөрүүгө жол берүүчү документтерди кабыл алуунун тартиби такталат. Башкача айтканда, уюмга кирген өлкөлөрдүн офицерлери биргелешкен аскерий иш чараны өткөрүүгө зарыл болгон документтерди кабыл алуунун жол-жобосун үйрөнүшөт. Машыгуунун экинчи этабына президент Аскар Акаев, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери байкоо салмакчы.

XS
SM
MD
LG