Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:49

Куловдун ишинин айланасында чатак уланууда


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын абактагы лидери Феликс Куловдун өздүк ишиндеги документтердин бир бөлүгүнүн жоголушу мүмкүн эмес, деп билдирди бүгүн Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын башчысы Владимир Носов. Анын айтымында, Куловдун өздүк иши тиркелген документтер Сокулук райондук сотуна жиберилди жана жакын арада сот ишти карай баштайт.

«Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин маалымдоосуна караганда, Феликс Куловдун 2002-жылга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоо жайында бир жылдан ашык убакыт камалып отургандыгын тастыктаган кагаздар өздүк ишинен жулунуп салынган. Ага байланыштуу Феликс Куловдун мыйзамга ылайык август айында мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө боштондукка чыгышы үзгүлтүккө учуратылууда, деп белгиледи Эмил Алиев.

Партия муну мыйзамды одоно түрдө бузуу катары баалап, нааразылык акцияларын баштаарын билдирүүдө.

Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза өтөө мекемелер башкармалыгы Феликс Кулов эмки жылы ноябрь айында мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө боштондукка чыгууга укук алат, деп билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG