Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

БАНК СИСТЕМАСЫНЫН АЧЫКТЫГЫНАН КИМГЕ ПАЙДА?


Базар экономикасынын шартында коммерциялык банктардын мукурап, ордуна жаңыларынын келиши жаңылык деле эмес. Анткен менен иши токтогон коммерциялык банкка ишеним арткан кардарлардын тарткан зыянын эстеген киши аз. Алардын биртобу эмдиге чейин арызын кимге айтарын билбей жүрүшкөн чагы. Ошондон улам Улуттук банк көзөмөлүн күчөтүп, системанын ачык болушуна жетишүү аракетин жасап келатат.

Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов коммерциялык банктардын иши кандай жүрүп жатышынан калк кабардар болушу керек деген пикирде:

- Биз коммерциялык банктардын ырааттуу капиталдашуусун көзөмөлдөө саясатын уланта беребиз. Коммерциялык банк жетекчилеринин кесиптик деңгээлинин жогорулашын талап кылабыз. Биз мындан ары да кош ээлик кылчулардын ишин бекем көзөмөлгө алууну улантабыз. Коммерциялык банк сырларын ачыкка чыгарууну жөндөөчү, башкача айтканда, финансы отчетторун, экономикалык шарттарды сактоо жана башка нормативдик документтерди кылдат текшерип турабыз. Биз азыр ишти жакшыртуу үчүн эмнелерди жасоо керектигин аңдап билчү кызык учурду баштан кечирүүдөбүз. Ал үч багытта жүрүшү керек. Биринчиси, депозиттерди сактоо системасын иштеп чыгуу. Ишти сөзсүз илгерилетүү керек. Экинчиси, коммерциялык банктардын корпоративдик маданиятын жакшыртуу үчүн биз эмнелерди жасай алабыз? Үчүнчүсү, канткенде коммерциялык банктар чет элдик банктарга теңтайлаша алат?

Банк системасына элдин ишенимин кайтаруу, коммерциялык банктардын ишин болушунча ачык жүргүзүүнүн жолдору Улуттук банктын демилгеси Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен өткөн эларалык конференцияда эки күн кечке кенен-кесир талкууланган. Ушу тапта Кыргызстанда жыйырмага жакын коммерциялык банктар иштеп жатса, андан көп коммерциялык банктардын иши мукурап жүрүшпөй жабылууга аргасыз болушкан. «Кыргызөнөржайкурулуш» банкынын президенти Муратбек Мукашев бул система ыраатка салына баштаганынан кабар берет деген пикирде:

- Мен айтат элем, банк кризиси бар, бирок системалык, тармактык кризис жок. Буга кандай далил бар? Эгемендик тушунда 19 банк банкрот болду, жоюлуп кетишти. Бирок ошол эле учурда 19 банк кайра келип өз ордун таап калышты.

Банк системасынын өнүгүшү ириде экономикалык жагдайга байланыштуу. Улан Сарбанов четтен келчү жардамды үмтөтүп отурбай, конкрет иш жасалыш керек дейт:

- Баары өзүбүзгө байланыштуу. Бир нерсе жасагыбыз келсе, аны иш жүзүндө далилдей алсак, албетте, бизге жардам беришет. Эч нерсе жасабай, «бизге миллион бергиле» десек, «а миллион эмнеге, көрсөткүлөчү», деп сурашат.

Улан Сарбанов коммерциялык банктардын аракети менен эң төмөнкү капитал өлчөмү канча болорун Улуттук банк эмес, өздөрү аныкташы керектигин тастыктаган мыйзам долбооруна каршы экенин жашырган жок:

- Алардын оюнча, көзөмөлдөөчү жана тескөөчү орган катары Борбордук банк эң төмөнкү капитал өлчөмүн аныктоого акысы жок. Албетте, биз андайга макул эмеспиз, ага каршы чыгабыз. Биз эң төмөнкү капиталды кимдир бирөөнүн уйкусу жакшы болбой калганынан же кайсы бир адамды жакшы көрбөгөндөн улам чектеп жатканыбыз жок. Биз аны аманатчылар менен ишкерлердин кызыкчылыгын ойлоп жасап жатабыз. Бул банктын туруктуулугу жана ишти ыкчам башташына шарт түзүш амалында жасалып жаткан иш, - дейт Улан Сарбанов.

Анткен менен айрым банкчылардын айтымында, Улуттук банк тарабынан эң төмөнкү капитал өлчөмүн аныктоо майда банктардын иштешине шарт түзбөйт.
XS
SM
MD
LG