Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

"МЕССЕНЖЕР" МЕРКУРИЙГЕ УЧУРУЛДУ


АКШнын космос агенттиги – НАСА 3–августа Канаверал тумшугундагы космодромдон Меркурийге "Мессенжер" деп аталган изилдөөчү кемесин учурду. Ал аппарат Меркурийге жеткенге чейин жети жыл өтөт. Андан соң аталган планета биринчи жолу кеңири иликтенмекчи. Бул АКШнын космос агенттигинин Меркурийге акыркы 30 жылдын аралыгында алгачкы ирээт өз кемесин учурушу.

Меркурий Күнгө эң жакын жайгашкан планета. Эгер Жер менен Күндүн аралыгы 150 миллион чакырым болсо, Меркурий Күндөн 58 миллион чакырым аралыкта турат. Демек, ал Жерге салыштырганда Күнгө эки эсе жакын. Окумуштуулардын эсебинде, Меркурийде температуранын ысыктыгы 450 Цельсияга чейин жетет. Британиядагы падышалык Гринвич обсерваториясынын астроному Роберт Массей:

- Меркурий өтө эле ысык. Андагы ысыктык бир күндүн аралыгында коргошунду эрите алат. Бирок абанын жетишсиздиги жана анын өтө эле жай алмашып турушунан улам түн ичинде үстүңкү катмардагы темпаратура өтө ылдыйлап кетет. Меркурийдин полюстарында муз болушу ыктымал.

Роберт Массейдин айтымында, окумуштуулар Меркурий жөнүндө аз эле билишет. Аны Жерден туруп кадимки ыкмалар менен иликтөө татаал. Планета азырынча адистер же ал жакка атайы учурулган аппраттар аркылуу толук иликтенген эмес:

- Меркурий, маселен, айтсак Сатурнга караганда Жерге жакын, бирок иш жүзүндө ага космостук кемелердин жетүүсү өтө татаал. Аларды Күндү көздөй учуруу көп энергияны талап кылат. Кеме туура багытта күүлөнүүсү үчүн Жердин жана Чолпондун айланасында бир нече учуу жасайт.

Айткандай эле АКШнын космос агенттиги –НАСАнын "Мессенжер" деп аталган кемесинин Меркурийге жетүүсү үчүн, учурда белгиленип жаткандай, жети жыл керектелмечи. Ал талап кылынган ылдамдыкты топтоп, Меркурийдин орбитасына кирүү үчүн аталган планетанын өзүн үч ирээт, ага дейре Чолпонду эки, Жерди бир ирээт айланып, 7,9 миллиард чакырым жол басат. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн болсо НАСА 427 миллион доллар сарптамакчы.

Британиялык астроном Роберт Массейдин айтымында, буга чейин Меркурийге НАСАнын "Маринер 10" деп аталган кемеси гана эки ирээт, 1974-75 жылдары жеткен. Бирок ал планетанын үстүңкү катмарынын жарымын гана сүрөткө түшүрө алган болчу.

"Мессенжер" кемесин даярдоого катышкан топтун жетекчисинин орун басары, АКШдагы Жон Хопкинс университетинин практикалык физика лабарториясында эмгектенген окумуштуу Луиз Проктер мындай дейт:

-Отуз жыл мурун биз планетага жакындабай гана учууга жөндөмдүү болгонбуз. Азыр болсо биз орбитага толук бир жылга кирүүгө ниеттенип жатабыз. Демек, биз Меркурийдин мурда эч качан көрбөгөн бөлүгүн көрөбүз, бүткүл айлана-чөйрөнү узак убакытка иликтей алабыз. Ошондой эле биз планетанын үстүңкү катмарын көп түстөн көрө алабыз. Андыктан биз анын тутуму тууралуу көбүрөөк айталмакчыбыз.

Луиз Проктердин айтымында, "Мессенжер" кемесин даярдоого Европанын космос агенттиги да катышты. Айрым керектүү нерселер Италия, Финляндия, Германия, Израил жана Канададан алынды. Кошумчалай кетчү маалымат Европанын космос агенттиги да өзүнүн иликтөөчү аппаратын Меркурийге 2008-жылы учурууну белгилөөдө.

Ал эми "Мессенжер" кемеси баары ойдогудай болсо, жети жылда Меркурийге жеткен соң өз иликтөөсүн 2011-жылы баштамакчы. НАСАнын пикиринде, Меркурий жөнүндө кеңири маалымат алуу өз кезегинде Жердин, Чолпондун, Марстын өнүгүүсүн түшүнүүгө жол ачат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG