Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

НЬЮ- ЙОРКТОГУ ЭКИ МУНАРАДА КООПСУЗДУК КҮЧӨТҮЛДҮ


Чолпон Орозобекова, Прага Террордук чабуул болушу ыктымал деп болжолдонгон мунаралар – “Ситигроупп” компаниясынын жана Нью- Йорк фондулук биржасынын имаратында иш күн кат- кат коюлган коопсуздук кызматынын коштоосунда уланууда. Полициянын машиналары, катар тосмолор жана куралчан коопсуздук сакчылардан улам сырттан караган адамга кырдаал өтө кооптуу сезилет. 11-сентябрдагы трагедияны баштан кечирген нью-йорктуктар ушул күндөрү чочуп турушат, бирок өздөрүн азырынча ишенимдүү кармашууда.

Нью-Йорктун чок ортосундагы бийиктиги 280 метр болгон “Ситигроупптун” имаратында иштегендер үчүн ушул дүйшөмбү адаттан тыш күн болду көрүнөт. Метродон чыгары менен эле аларды мина издегич иттерди жетелеген формачан адамдар тосуп алышты. Ал эми имаратка кире беришке шашылыш коюлган текшерүүчү - өткөрмө пункт алар үчүн күтүүсүз болду. Кеңсеси дал ушул имараттын ичинде жайгашкан “Ситибанкта” иштеген Стэнли Фишман эл катары чочулаган менен имаратка киргенден корккон жок:

- Бул өңдүү күчөтүлгөн коопсуздук кызматтар мен үчүн жаңылык эмес. Бирок көп адамдар үчүн мындай кат-кат текшерүүлөрдөн жүдөп чүнчүп кетишет экен.

АКШнын ички коопсуздук боюнча кеңсесинин ушул жекшембидеги ыктымал террордук чабуулдар жөнүндө эскертүүсүн айрым америкалыктар жайбаракат кабыл алышты. Алар адистердин колунда мындай коркунуч тууралуу так маалымат бар экенине ишенишкен жок. Ал эми Стэнли Фишман болсо бул билдирүүнү өтө олуттуу кабыл алыптыр:

- Айрым адамдар шек санап атканынын да жөнү бар, мурда мындай эскертүүлөр далай ирет жасалган да. Бирок кечээги эскертүү өзгөчө имараттар жөнүндө айтылгандыктан ишенимдүү болуп турат. Айрыкча Ситигроупптун имараты террорчулар үчүн өтө ыңгайлуу болушу ыктымал, эл эмне үчүн дал ушул имарат тууралуу эскертүү болгонуна сарсанаа болуп атышат.

Кеңсеси “Ситигроуптун” маңдайында жайгашкан “Дойчбанктын” менежменти болуп иштеген Уиней Кэпордун пикиринде, Нью-Йорктогу каржылык мекемелердин баары, анын ичинде “Ситибанк" өңдүү саудиялыктардын менчиктик үлүшү бар мекемелер бутага алынат деп чочулоого негиз бар:

- Болушу мүмкүн. "Ситибанк" менен фондулук биржа террорчулар үчүн ыңгайлуу жер. "Ситигроуптун" 6 пайыз акциясы саудиялык ханзаадага тиешелүү да, туурабы? Ал эми Америка экономикасына кубат берип аткан каржылык чоң мекемелерди бутага алышы толук ыктымал да. Террорчулардын накта мүдөөсүнө окшоп кетип атат.

Ошол эле учурда дүйнөдөгү эң чоң финансылык уюмдардын бири Нью-Йорк фондулук биржасында коопсуздук чаралары күчөтүлүп жатты. Полициянын калың тосмосу коюлуп, ал эми элдин шарын имараттан обочолонтуш үчүн тарнспорттун кыймылы жана багыты өзгөртүлдү.

Түштөнүш үчүн сыртка чыккан кызматкерлер кеңсеге жакындаганда аларды өңүн олуттуу жана мерез кармаган коопсуздук сакчылар тосуп алышат. Бирок адамдар бул кырдаалда өздөрүн жайдары кармаганга аракет кылышууда. Нью-Йорк фондулук биржасында иштеген Симона Круз бир аз коркконун, бирок жумушка келүүнү чечкенин айтат:

- Мени кудай жумушка коркпой бара бер деди. Башында бир аз корктум. Мени эжелерим жумуштан отпуск ал, суран дешти. Бирок мен ага көнгөнүм жок.

Нью-Йорктогу бул кырдаалга карабастан, байкоочулардын баамында, АКШнын финансылык рыногунда туруктуулук сакталууда.

XS
SM
MD
LG