Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

А.МАСАЛИЕВ АНЫК ДЕМОКРАТ ЭЛЕ, ОШ-БИШКЕК АВТОЖОЛУ, АЛМАНИЯДАН – АЛАТООГО ВЕЛОЖҮРҮШ


Абсамат Масалиев каза тапты. Кыргыз басылмаларынын дээрлик баарында анын чынчылдыгы, адамгерчилиги, тазалыгы, өз идеалына берилгендиги баса белгиленди. Элге кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөткөн жөнөкөй адамдын басып өткөн турмуштук жолу дагы бир жолу эскерилди. Бул арада өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган Ош-Бишкек жол курулушу мындан 40 жыл илгери башталганы маалымдалды. Алманиядан Алатоого веложүрүш жасаган эки жаштын саякаты да кыргыз басылмаларынын баам сыртында калган жок.

«Ал анык демократ болчу», деп жазды шейшембидеги «МСН» гезити Абсамат Масалиев тууралуу. А.Масалиев элинин жыргалы, социалдык теңчиликке жетиши, ак эмгекти баарынан бийик койгон жөнөкөй, жупуну, карапайым адам болчу, деп белгиленет көрүнүктүү коомдук, мамлекеттик ишмерлер кол койгон көңүл айтууда.

Акүй Феликс Куловду боштондукка чыгарууну каалабастыгы Елена Скородумованын «Акүй өкүмү: чыгарылбайт!» деген макаласында баяндалган. Автордун маалымдашынча, 31-июлда 19-түрмө жетекчилиги Арнамыс партия лидеринин маалынан эрте шарттуу бошотуу жөнүндөгү арызын канааттандырган жок. Бул иштин башталышы гана, дейт макала автору. Юстиция министрлигинде кыйла убакыт кармалган Феликс Куловдун кылмыш ишиндеги биртоп материалдары жоголуп кеткени дайынга чыкты. Болгондо да ал материал 2001-жылы Бишкек аскер сотунда каралган кылмыш иши экен. Жоголгон материалдын дайны табылмайын Ф.Куловду маалынан эрте бошотуш тууралуу сөз кылыш мүмкүн эмес. Большевиктерден калган «иш жок – проблема да жок» принциби алдагыдай мыйзамсыздыктын шылтоосуна шыноо болобу, деп суроо коет макала автору. Феликс Кулов түрмө жетекчилигинин жообуна нааразы экенин билдирип, арыз жазарын билдирген.

Энергетика менен газ тармагындагы туташ коррупциянын айынан мамлекет жылына 15 миллион долларга жакын кирешеден кол жууп калып жатканы Геннадий Кузьминдин «Үй-бүлөнүн газы менен электри» деген макаласында баяндалган. Бул жерде ким канча пайда тапкандыгы же ким кимди деген суроо маанилүү эмес, кеп качандыр бир кезде «дүрт» этип жанып чыкчу бомбаны ушу азыр коюп жатышкандыгы жөнүндө болуп жатат, деп белгилейт макала автору.

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган Ош-Бишкек автожолу мындан 40 жыл илгери салынган. Бул тагдыр жолу, деп жазат Алексей Ермолов шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде. Ушу тапта канжолду оңдоо иштери улантылууда. Вагондор менен алеки саатта тиге койгон чатырлардан куралган «Париж», «Лондон» деген убактылуу конуштардын ордуна жүргүнчүлөр менен айдоочулар үчүн ыңгайлуу конок үйлөрү, ашканалар курулууда, деп кабарлайт А.Ермолов.

Басылмада Вилор Акчуриндин «Макмалдын иши жүрүшөбү?» деген очеркине да орун берилген. Кийинки жылдары Макмалдын иши жакшы жүрүшпөй жатат. 1996-жылы жабылчу ишкана баштагы ыраатынан жанып, арсар абалда туру. Казармандан анча алыс эмес жайгашкан аэропорттун учуу тилкесин чөп басып, унутта калган. Макмал алтын кени жабыла турган болсо Тогузторо районунун абалы азыркыдан да кыйын болот, деп жазат В.Акчурин.

Шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезитинде Папан Дүйшөнбаев даярдаган эне тил тагдыры тууралуу «Ассамблейде сүйлөнбөсө сүйлөнбөс, бирок мага андан өткөн улуу жок» деген аталыштагы пикирлер топтому жарыяланган. Жазуучу Самсак Станалиевдин «Эркинтоо кабарчыларын кантип коргогон?» макаласында Аалы Токомбаевдин «Чалкар менмин», «Кошоевге» деген ырларынын жаралыш тарыхы иликтенген. Журналист Рабиха Алыбаеванын белгилүү ырчы Гүлмайрам Момушеванын кайгылуу тагдырын баяндаган макаласы да гезиттин жаңы санында жарыяланган.

Алманиялык эки жаш Ысыккөлгө велосипед менен саякаттап келишкенин шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити жазды.
XS
SM
MD
LG