Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:02

МАРКУМ АБСАМАТ МАСАЛИЕВ ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАН БИР КҮН АЗА КҮТҮП КОЙСО БОЛОТ БЕЛЕ?


3-августта Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, маркум Абсамат Масалиевди акыркы сапарга узатууга байланыштуу аза күтүү жыйыны болуп өттү. Ага мамлекет башчысы Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин төрагалары, депутаттар, маркумдун туугандары жана шаардын жүздөгөн тургундары катышты. Аза күтүү митингисинде маркум Абсамат Масалиевдин кыргыз эли үчүн жасаган эмгеги, адамдык касиеттери эскерилди. Маркумдун сөөгү Бишкектеги Аларча көрүстөнүнө коюлду.

-Күн чыгыш тоону айланып,
Күн батканда ай чыгат.
Күдүстөн кыргыз журтуна,
Күйүмдүү сиздей ким чыгат,
- деп төкмө акын Элмирбек Иманалиев ишембиде дүйнө салган маркум Абсамат Масалиевди жоктоп, анын ишмердүүлүгүн, адамгерчиликти бийик туткан айкөлдүгүн, кыргыз эли асыл адамынан айрылганын кошуп турду.

Маркумду акыркы сапарга узатууга келген ар улуттун өкүлдөрү, карапайым жүздөгөн тургундар кара кийип, аза күтүп турду.

Аза күтүү жыйынын Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев ачты:

-Ардактуу Абсамат Масалиевич Масалиевди акыркы сапарга узатууга арналган жыйынды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны менен өкмөтү тарабынан биргеликте түзүлгөн комиссиянын атынан ачык деп жарыялайм. Сөз Кыргыз Республикасынын президенти урматтуу Аскар Акаевде.

Мамлекет башчысы Аскар Акаев:

-Кадырлуу мекендештер, Бүгүн Алатоонун саясындагы ак калпактуу атпай журтубуз орду толгус зор жоготууга учурап, аза күтүп отурат. Өлчөлүү өмүрдүн өктөм мыйзамына баш ийип, белгилүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев агабыз дүйнө салып, түбөлүк сапарына узап, ушул саатта барыбыздын кабыргабыз кайышып, жүрөгүбүз күйүп турат,-деди Аскар Акаев.

Ошондой эле мамлекет башчысы өз сөзүндө маркум Абсамат Масалиевдин басып өткөн эмгек жолуна, кыргыз эли үчүн жасаган иштерине токтолду:

-Бүгүнкү күндөгү демократиялык шартыбызда өзүнүн көздөгөн мамилеси менен
коомубуздагы оппозициянын ишин конструктивдүү багытта жүргүзүүгө чакырган лидер катары эсибизде кала бермекчи. “Акырет сапар күн болсо, кош дээриң сенин ким болот”-деп "Манаста" айтылгандай, Абсамат Масалиевдин калкка кадыры сиңген экен. Мына бүгүн элижурту, карыжашы дебей азаны тең бөлүшүүдө. Кайыр кош, Абсамат Масалиевич! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Сиздин жаркын элесиңиз, биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат
, -деди Аскар Акаев.

Аза күтүү жыйынында Абсамат Масалиев менен 40 жыл чогуу иштешкен кесиптеши Темирбек Кошоев маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, анын өрнөктүү өмүрүн артында калган уулдары улаарын тиледи:

-Абсамат Масалиевич өлгөн жок. Анткени атасынын жолун улап, артында уулдары Исхак, Муса анын учугун улап келатат. Артында калган жубайы, кыздары, неберелерин арбагы менен колдосун!

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасында депутат катары бир катар маанилүү мыйзамдарды кабыл алууда маркум Абсамат Масалиевдин кошкон салымын Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев белгиледи. Ошондой эле Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов, Үсөн Сыдыков өңдүү замандаштары маркумду эскерип сөз сүйлөштү.

- Кымбаттуу сиздей инсандын,
Кыйлага эле жеткен ардагы, ой.
Кылымда келбес кайрылып,
Эми кызыктуу күндөр андагы, ой.
Кыйылып асыл өмүрүң,
Кыргыздын гана болдуң арманы, ой.


Маркум Абсамат Масалиевди акыркы сапарга узатууга келген айрым адамдар, анын өрнөктүү өмүрү тууралуу мындайча эскеришти. Мыйзам чыгаруу жыйынынsy депутаты Турдакун Усубалиев:

-Кыргызстандын өнүгүшүнө салымын кошкон инсандардын бири Абсамат Масалиевич эле. Ал катардагы кызматкерден Компартиянын биринчи катчылыгына өзүнүн кажыбас эмгеги менен жеткен.

Ардактуу ардагер Күлүйпа Конучалова,

-Абсамат Масалиев түз жүргөн, өтө жупуну адамгерчиликтүү адам эле. Абдан сыпаа, маданияттуу эле.

Ардактуу ардагер Жамал Ташыбекова:

-Абсамат Масалиев менен Бишкек шаардык кеңешинде бирге иштешип калдык. Уюштургуч, кызматка өтө берилген, талапты катуу койгон жетекчи эле. Анан бул кишинин бир өзгөчөлүгү - абдан чынчыл эле.

Экс-премьер-министр Курманбек Бакиев:

-Бул жоготуу кыргыз эли үчүн оор жоготуу. Абсамат Масалиевдей чарба жетекчиси катары, эл башкарган жетекчи катары, инсан катары менин оюмча Кыргызстанда мындай адам эми жок. Арты кайырлуу болсун!

Өткөн жылы маркум Абсамат Масалиевди 40тан ашуун депутат колдоп, “Кыргыз эл баатыры” жогорку наамына көрсөтүшкөн экен. Ал наам кандайдыр бир белгисиз себептер менен Абсамат Масалиевге берилбей калган. Комиссиянын чечими менен Коопсуздук кызматынын мурдагы катчысы Мисир Ашыркулов таныштыгы жоктугун билдирди:

-Мен ал комиссиянын мүчөсү болбогондон кийин “Кыргыз эл баатырын” эмнеге бербей койгонун билбейм. Ал комиссия эмне деп чечкенинен кабарым жок. Бирок Абсамат Масалиев наамга татыктуу адамдардын бири. Абсамат Масалиевич таза иштегендиги менен элдин оозунда калат. Кийин дагы эмгектери, өмүр жолу да айтылар. Эми бала бакырасын, неберелерин арбагы колдоп жүрсүн!

- Армандуу дүйнө зар беле,
Ардактуу сиздей даанышман,
Койчу, ажалга эле берчү жан беле.
Алатоонун койнунда,
Асылмын деген киши көп,
Айдыңы сиздей бар беле?


Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев 31-июлда 72ге караган курагында жүрөгүнөн кармап, мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маркумдун сөөгү Аларча көрүстөнүнө коюлду.
XS
SM
MD
LG