Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Укук коргоочулар Түркмөнстанда камалган өзбек атуулунун абалына тынчсызданып жатышат


Адам укуктарынын эл аралык Хелсинки Федерациясы кечээ Түркмөн президенти Сапармурад Ниязовду аны өлтүрүү аракетине байланыштуу камакта отурган Хансаид Сафаровду бошотууга чакырды. Уюмдун директору Аарон Родеске ылайык, Сафаров 2002-жылы, 14-декабрда түркмөн коопсуздук кызматы тарабынан кармалган.

Сафаров аталган жылдын 25-ноябрындагы түркмөнбашыга кол салуунун бир нече катышуучусун Өзбекстандын аймагында машинасына түшүргөнү үчүн 20 жылга эркинен ажыратылган. Родес Сафаровдун эч качан Түркмөнстандын чек арасынан өтпөгөнүн белгилеп, кийин кылмыш кылган деп табылгандарды машинасына салгандыгы үчүн гана адамдын соттулушу таңгалыштуу экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG