Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Иракта кеминде төрт киши курман болду


Багдаддан түндүктөгү Бакуба шаарында жанкечтинин машинасы жарылганда Ирак улуттук гвардиясынын үч кызматкери ажал тапты. Ушул эле аймактагы кечээки чабуулда америкалык эки аскер окко учту.

Бул күнү ошондой эле Ирактын түндүгүндө мунай куурларынын жанында катылган бомбадан чоң жарылуу болуп, улуу өрт башталды. Мамлекеттик өкүлдөр Түркиянын Жейхан портуна мунай экспорттоо үзгүлтүккө учураганын бышыкташты. Анын аралыгында франциялык жардам агенттиги дүйшөмбүдө табылган төрт өлүк жергиликтүү кызматкерлердики экендигин бышыктады.

XS
SM
MD
LG