Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

Москвада оппозициячылар нааразылык акциясын уюштурду


Орусиянын Мамлекеттик думасынын алдына өкмөттүн айрым социалдык жеңилдиктерди акчалай төлөмдөр менен алмаштырууну караган мыйзам долбооруна нааразылык билдирип жүздөгөн адамдар чогулушту. "Интерфакс" агенттиги нааразылык акциясына оппозициячыл "Яблоко" партиясынын өкүлдөрү менен улгайган адамдар катышып жатканын кабарлайт. Орусиялык депутаттар бүгүн 2-окулушунда карап жаткан ал мыйзам долбоору айрым адамдарга буга чейин медициналык тейлөө, дары-дармек, коомдук транспорт, эс алуу жайларында берилчү жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай жөлөкпул берип турууну камтыйт. Өкмөт жаңы саясат калктын көбүрөөк катмарына жардам берүүгө жол ачат десе, ага каршы чыккандар жөлөкпул – мурдагы социалдык жеңилдиктерге тең өлчөмдө берилбейт деп айтышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG