Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Ооганстанда бийлик өкүлдөрүн коштоп бараткан үч бала бомба жарылуусунан каза тапты


Ооган бийликтери Логар провинциясында жергиликтүү аким жана соттун төрагасы түшүп бараткан машинеге жасалган бул кол салуу үчүн талип согушкерлерин айыптоодо. Ал тапта америкалык командачылык Хост провинциясындагы салгылаштарда 50 чакты талип согушкери өлтүрүлгөнүн кабарлады. Маалыматка караганда, ал жердеги куралдуу топторго каршы ооган өкмөтүнүн операцияларына абадан АКШнын аскердик учактары колдоо көрсөткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG