Бул тууралуу Түркиянын эл аралык транспорт бирикмеси жарыялады. Дүйшөмбүдө Ирактагы барымтачылар түрк айдоочуну "мусулмандар Ирактан оолак турушу керек" деп атып өлтүрүшкөн. Буга чейин Түркиядан күнүнө 200-300дөй жүк ташуучу машине Ирактагы АКШ аскерлерине керектүү буюм-тайымдарды жеткирип турган.