Баалар ансыз да мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму – ОПЕКтин президенти Пурномо Юсгиантаро мунайдын наркы асмандап кеткенин айткандан кийин көтөрүлө түштү. Бүгүн Америкалык Light Sweet электрондук биржасында мунайдын бир баррелинин баасы 44 доллардан ашып, соңку 21 жыл ичиндеги эң жогорку чекке чыкты. ОПЕКтин өкүлдөрү кырдаалды оңдош үчүн кошумча кара май өндүрүүгө кудурети жок экенин билдирсе, Сауд Арапстан күнүнө азыркыдан 1 млн. баррель мунай көбүрөөк өндүрө алаарын билдирди.