Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:50

«ЧЕК-2004» АСКЕРДИК МАШЫГУУСУНУН ЭКИНЧИ ЭТАБЫ КЫРГЫЗСТАНДА ӨТҮП ЖАТАТ


3-августта Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун «Чек-2004» аскердик машыгуусунун экинчи этабы Кыргызстанда башталды. Ага Орусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын куралдуу күчтөрү жана аскердик техникалары, учактары катышууда. Казакстанда башталып, Кыргызстанда 6-августта аяктай турган аскердик машыгуунун негизги максаты – «ал-Каида» баштаган террордук уюмдардын ыктымал кол салууларына каршы биргелешип күрөшүүнүн ыкмаларын иштеп чыгуу болуп эсептелет.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө төрт мамлекеттин ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүнүн 2000дей аскери катышып жаткан «Чек-2004» деп аталган бул машыгуунун эң негизги өзгөчөлүгү – Орусиянын Кантка жайгашкан учактарын уюмдун алкагында ыктымал террордук чабуулдарга каршы пайдалануунун ыкмаларын иштеп чыгуу болуп саналат. Бул тууралуу машыгуулар башталаар алдында Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев мындай деген эле:

- Бул машыгууда авиациянын ролу өзгөчө болот. Анткени биз ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдү абадан колдоо ыкмаларын иштеп чыгабыз. Орус авиабазасы өткөн жылы Кантта ачылган. Эми аны биз азыр турмушта биргелешип иш-чараларды аткаруу тапшырмаларына даярдай баштадык. Бул - аймактагы эларалык терроризм жана экстремизм сыяктуу көрүнүтөргө каршы биргелешип күрөшкөн учурда командирлердин өз ара байланышта аракеттенип, башкаруусу үчүн керек.

Эсен Топоевдин маалыматы боюнча, Орусиянын эң мыкты делген Приволжски-Урал аскер округунун атайын бөлүгүнүн аскерлери, СУ-25, СУ-27 учактары, МИ-24 тикучактары жана атактуу КА-50 же «Кара акула» тикучагы катышууда.

Аскердик машыгуунун биринчи этабы 2-августа Казакстанда башталган болчу. Кыргызстандын коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 3-августтан тартып аскердик машыгуулар өтө турган Ысыккөл облусунун аймагында Кыргызстандын коргоо министри, генерал-полковник Эсен Топоевдин башкаруусу менен биргелешип аракеттенүүнүн генералдык репитициясы – күжүрмөн ок атуу өттү.

Анын жүрүшүнө Кыргызстандын президенттик администрациясынын өкүлдөрү, Орусиянын аскердик аба күчтөрүнүн башкы башкаруучусу Владимир Михайлов жана ЖККУнун коргонуу министрликтеринин өкүлдөрү көзөмөл кылып турушту. Өзгөчө машыгуулардын генералдык репетициясын карап тургандарга орустардын КА-50 же «Кара акула» деген ат менен белгилүү тикучагынын көрсөткөн өнөрлөрү жакшы таасир калтырды.

Кыргызстандын коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаевдин айтымында, машыгуунун негизги максаты – терроризмге каршы күрөшкө биргелешип күрөшүүнүн ыкмаларын иштеп чыгуу болуп эсептелет:

- Террорчулукка каршы күрөш операциялары учурунда өзара биргелешип аракеттенүүнүн саясий жана аскердик механизмдерин иштеп чыгуу. Ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин бирөөнө ыктымал кол салуу болгон учурда агрессиядан коргоого даярдык көрүү болуп эсептелет.

Мирбек Койлубаевдин маалыматы боюнча, машыгууга катышып жаткан, жерде жүрүүчү аскердик техникалар Кыргызстандыкы.

6-августта машыгуунун жыйынтыктоочу этабы өтмөкчү. Аны президент Аскар Акаев, Орусиянын, Казакстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын коргоо министрлери жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа карап, көзөмөл салып турмакчы. Машыгууга байкоочу катары Белорусиянын коргоо министринин да келип, катышаары күтүлүүдө.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын кадрлар жана атайын кызмат боюнча бөлүмүнүн башчысы, Баткен окуясы убагында Баткен районунун акими болуп, жоочулардын колуна барымта катары түшүп калган майор Абдрахман Маматалиев чындыгында Кыргызстан мурда мамлекетти коргоого көңүл бурбай келген, бирок азыр коопсуздукту сактоого жакшы көңүл бурулуп жатат деп, ага мисал катары Кыргызстандын аймагында өтүп жаткан «Чек-2004» машыгуусун айта кетти:

- Азыр эми көрүп жатасыздар - биргелешкен машыгуу өтүп жатат. Армиябыз бир топ алдыга кетти. Азыр «согушка жарамдуу армиябыз бар» деп айта алабыз. Бул эми жакшы. Албетте мунун баары - мамлекет жетекчилеринин жүргүзгөн туура саясатынын натыйжасы деп ачык эле айтышыбыз керек. Минтип айтып жатканым – өлкөнүн коопсуздугун кароо маселеси мамлекеттик саясаттын эң орчундуу бөлүгү болуп калды. Себеби мурдагы күндөрдө ага анча көңүл бурулбай келген болчу. Жоочулар коопсуздугубуз начар болуп, чегарабыз ачык болгон үчүн кирип келишпеди беле. Эми мен ойлойм, бүгүнкү күндө эч ким – террористтер болобу, башкалар болобу – Кыргызстанга даап киралбайт деп эсептейм.
XS
SM
MD
LG