Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

5-августта аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Синоптиктердин шашылыш билдирүүсүнө караганда, августтун бешинен тогузуна чейин тынымсыз жаандын жаашына байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал.

5-августта Кыргызстанда ала булут каптап турат. Айрым аймактарда кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен жел жүрөт.
Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34 градус.
ТАЛАСТА түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32 градус ысык.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35 градуска ысыйт.
ЫСЫККӨЛ аймагында түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27 градус.
НАРЫНДА түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28.
БИШКЕК шаарында күндүн экинчи жарымында кыска мөөнөттө жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +32…+34 градус болот.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бурулкан Турдубек кызы, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG