Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Австриянын билим берүү министри келет


БИШКЕК. 9-августта Кыргызстанга Австриянын билим, илим жана маданият федералдык министри Элизабет Герер баштаган делегация эки күндүк таанышуу сапары менен келери болжолдонуп жатат. Иш сапарынын учурунда Австриялык делегацияны президент Аскар Акаев, билим берүү министри Мустафа Кидибаев кабыл алат. Австриялык делегация иш сапарынын учурунда Чолпоната шаарында жана Нарын облусунда болмокчу. Бул тууралуу бүгүн билим берүү министринин маалымат катчысы кабарлады. Австрия менен Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарынан бери студенттерди жана мугалимдерди алмашып окутуу программаларынын алкагында кызматташып келатат.

XS
SM
MD
LG