Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

ПАКИСТАНДА "АЛ-КАИДАНЫН" "КӨЗҮРЛӨРҮНҮН" БИРИ КАРМАЛДЫ


Пакистанда соңку үч аптанын аралыгында "ал-Каида" террордук уюмунун ишмери деген шек менен кеминде 18 адам камакка алынды. Өлкөнүн ички иштер министринин билдиргенине караганда, кармалган "ал-каидачылардын" биринин башы үчүн кезинде бир нече миллион доллар сыйлык жарыяланган. Бирок министр анын ысымын ачыктоодон баш тартты. Ал эми америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Вашингтон менен Нью-Йоркто террор коркунучу деңгээлин жогорулатууга дал ушул Пакистандагы камоолордун учурунда алынган фактылар негиз берген.

Кармалгандардын арасында жергиликтүүлөр менен катар чет элдиктер да бар. Маселен АКШнын Федералдык тергөө бюросу издөө салган 22 террорчунун бири, теги боюнча танзаниялык Ахмед Халфан Гайлани өткөн аптада, 25–июлда Пакистандын Гужарат шаарынан кармалган. Ал 1998-жылы АКШнын Танзания менен Кениядагы элчиликтериндеги жардырууну уюштурду деген шек менен изделип жаткан.

Мунун алдында болсо 13–июлда Карачи шаарынан пакистандык Мухаммед Наим Нур Хан аттуу жаш жигит кармалган. Маалыматтарга караганда, ал "ал-Каиданын" компьютер жана байланыш боюнча адиси жана уюмдун ишмерлеринин компьютер аркылуу байланышуусун жүргүзүп келген.

Пакистандын ички иштер министри Фейсал Салех Хаяттын айтымында, "ал-Каиданын" алар соңку күндөрү камакка алган адамдарынын арасында, учурунда башы үчүн бир нече миллион доллар сыйлык жарыяланган белгилүү ишмери да бар, бирок министр азырынча анын ысымын ачыктоодон баш тартты.

Пакистандын маалымат министри Шейх Ахмед Рашиддин билдиргенине караганда, соңку камоолор террордук түйүндүн ичине аралашуунун аркасында болуп олтурат:

- Биз террордук түйүндүн ичине кирүү менен ийгиликке жетиштик. Буга реакция болот, балким жооп ирээтинде сокку урулат. Бирок биз акыр аягында террорчулукту жеңебиз.

Ал эми америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, дал ушул Пакистандагы камоолордун учурунда алынган маалыматтар Нью-Йорк менен Вашингтондо террор коркунучунун деңгээли жогорулатылып, коопсуздук чараларынын күчөтүлүшүнө алып барды.

АКШ бийликтери террорго каршы коопсуздук чаралары Нью-Йорк жана Вашингтон менен катар Нью-Жерси штатында да күчөтүлгөнүн жекшембиде жарыялашкан. Алардын колуна тийген маалыматтарга караганда, террорчулар бул ирээт эл аралык жана америкалык каржы институттарынын имараттарына кол салууну пландашкан. Маселен коопсуздук чаралары күчөтүлгөн Нью-Йорк менен Вашингтондо Эл аралык валюта кору, Дүйнөлүк банк, Нью-Йорк биржасы өңдүү мекемелер жайгашкан.

Бирок мунун соңунан коопсуздук чаралары эски, мындан үч төрт жылкы маалыматтарга таянуу менен көрүлүүдө деген кабар пайда болду.
Муну кийинчерээк Вашингтондогу расмий өкүлдөр да жокко чыгарышкан жок. Алардын билдиргенине караганда, "ал-Каиданын" чабуул жасоо ниети жөнүндөгү маалыматтар эскидир, бирок ал Пакистанда жүргүзүлгөн рейддердин натыйжасында бул өлкөнүн жана АКШнын чалгын кызматтарынын колуна эми тийип олтурат.

АКШнын ички коопсуздук боюнча министри Том Ридждин айтымында, террор коркунучунун деңгээли туура жогорулатылды, себеби ал маалыматтарды азыр да күчү бар "ал-Каида" быйыл январь айында эле жаңылаган:

-"Ал-Каида" өз аракеттерин көбүнесе өтө эрте, алдын ала пландайт. Бизге ошондой эле алар кол салуунун алдында өз маалыматтарын дагы бир жолу текшерип, жаңылаары да белгилүү. Андыктан мен эч ким биздин эскертүүлөрдөн олуттуулугуна, айрым кабарларда айтылып жаткандай, ал маалыматтар эки же үч жыл мурунку эски деген жүйөөдөн улам эле көңүл бурбай коюусун каалабас элем.

АКШнын оппозициядагы Демократиялык партиясынын мүчөлөрү болсо, террор коркунучу деңгээлинин көтөрүлүшүн саясатка, аталган партиянын өткөн аптадагы курултайына байланыштырышты. Анда сенатор Жон Керри партиянын атынан президенттикке талапкер болуп бекитилген. Демпартия мүчөлөрүнүн пикиринде, террор коркунучу деңгээлинин көтөрүлүшү коомчулуктун жана басма сөздүн көңүлүн демократтарды алагды кылат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG