Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

ТАШКЕНДЕГИ ЖАРДЫРУУЛАРГА БАЙЛАНЫШТУУ ЖАЛАЛАБАДДА ЭМНЕ КЕП?


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад “Хизб ут-Тахрир” саясий партиясынын Жалалабаддагы мүчөлөрүнүн пикири боюнча Ташкендеги жардырууларды элди катуу тартипте кармоо менен Өзбекстандын бийлиги өзү пайда кылууда. Кыргызстанда андай коогалаң болбош үчүн бийлик элге жакын болуп, ачык-айкындуулукту өнүктүрүшү жана кыргыз-өзбек чек арасын катуу көзөмөлдөөсү керек.

Өзбек президенти Ислам Каримовдун Ташкендеги жардырууну диний-экстремисттик “Хузб ут-Тахрир” уюмунан көрүшүн аталган партиянын Жалалабаддагы мүчөлөрү четке кагышты. Уюмдун өкүлү Султан Бадаловдун пикири боюнча террордук акциялардын жаралышына элди катуу кармаган өзбек бийлиги өзү айыптуу:

- Мурунку жардырууларды да “Хизб ут-Тахрир” партиясынан көргөн. Мындай иштер Өзбекстандын кошуналар менен болгон чек араларын дагы да бекемдөө үчүн жасалып жатат. Исламда бирөөнүн канын төгүүнүн өзү арам деп эсептелет. Мусулман баласы бейкүнөө каапыр адамды да өлтүрбөшү керек. "Хизб ут-Тахрир" уюму ишин саясий-идеологиялык багытта жүргүзөт, курал алууга каршы турат. "Хизб ут-Тахрирдин” терактарга тиешеси жок.

"Иса машаяк" тобунун башчысы Капар Сатыбалдиев маңдай-тескей олтуруп, террорчулардын максат-мүдөөсүн билүү абзел деп эсептейт:

- Жардыргандардын жетекчилери менен "тегерек үстөлдө" сүйлөшүп, оюн билүү керек... Кандуу окуя көбөйүп, жарандык согуш тутанбашы үчүн террорчуларды камоо зарыл... Өзбекстандагы окуя бизде кайталанбаш үчүн дин инспекциялары көзөмөл салууну күчөтсө - дейт Капар Сатыбалдиев.

”ЭрК” партиясынын өкүлү Асан Шакировдун ою боюнча кыргыз бийлиги Ташкендегидей окуялардын алдын алгысы келсе, элдин калың катмарына жакындашканы жакшы:

- Элге эркиндикти толук берип, калк менен казыят жана бийлик жакын болсо. Президент Аcкар Акаев аймактарды кыдырганда дежүр чалдар жана бийлик адамдары менен жолугушуп кете бербей, элге жакын жүрсө, кудай кааласа, Кыргызстанда Ташкендегидей окуялар болбойт деген ойдомун.

Областтык жер жана кыймылсыз мүлктү каттоо борборунун башчысы Маматжан Асанбековдун пикирине караганда, чек арада тартипти күчөтүү зарыл:

- Өзбекстандан өткөн ар бир адамды мыйзам жолу менен текшерүү керек.

XS
SM
MD
LG