Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Кыргызстан аймагында дагы аскерий машыгуу өтүп жатат


Кыргызстан менен Казакстан аймагында өткөрүлүп жаткан аскерий машыгуунун биринчи бөлүгү бүгүн аяктады, ал дүйшөмбү күнү Казакстандын аймагында башталган. Машыгуунун экинчи бөлүгү кечээ күнү Кыргызстанда башталып, жума күнү аяктайт. Аскерий аракеттерге Биргелешкен коопсуздук келишим уюмунун мүчө-мамлекеттеринин эки миңге жакын аскери катышууда, уюмга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Машыгууга көз салуу үчүн бүгүн Бишкекке Казакстан, Орусия жана Тажикстандын коргоо министрлери келди.

XS
SM
MD
LG