Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:34

АКШ МААНИЛҮҮ ФИНАНСЫЛЫК МЕКЕМЕЛЕРДИ КҮЗӨТҮҮНҮ КҮЧӨТТҮ


Нью-Йорк, Вашингтон жана Нью-Жерсиде 1-августтан тартып маанилүү финансылык мекемелерди күзөтүү күчөтүлдү. Катаал чараны кабыл алууга төрт жыл мурдакы маалыматтар негиз болду. Ага карабастан АКШнын ички коопсуздук кызматынын жетекчилиги “ал-Каида” уюму чабуулду мурда эле пландаганын жана жакында ага түзөтүү киргизгенин айтышат.

АКШ жетекчилигинин төрт жыл мурдакы маалыматка таянып, эң жогоркудан бир баскыч төмөнкү деңгээлдеги коопсуздук чарасын колдонуусу, дублиндик эксперт Шон Бойндун баамдашынча, 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдарга байланыштуу:

- 9-сентябрда Американын үрөйү аябай учкан. Ар кандай террордук коркунучту болтурбоо үчүн азыр эми өзгөчө чара көрүлүүдө.

Пакистандын коопсуздук күчтөрү акыркы үч аптада өткөргөн рейд кезинде колго түшүргөн маалыматтар ырасмий Вашингтондун этияттык чарасын киргизүүсүнүн башкы себеби болгонун белгилей кетебиз. Операция учурунда “ал-Каидачы” деп шектелген 18 адам, анын ичинде, Пакистандын ички иштер министринин сөзү менен айтканда, “башы бир нече миллион долларга” бааланган “ал-Каиданын” маанилүү мүчөсү кармалган.

Шон Бойндун сөзүнө караганда, президент Буштун администрациясы непада кол салуу болсо коомчулук аны айыптабасын деп, чукул чарага барган:

-Менин боолгошумча, бийликтер коомчулуктун маалыматты жашырып койду деген жемесине калбоонун амалын кылууда. Өлкөнүн коопсуздук кызматынын жетекчилиги 2001-жылдын 11-сентябрынын алдында чалгындоо маалыматтарын натуура пайдаланды деп сындалган. Азыр алар коркунучту болушунча жашырбай ачык айтуу саясатын жүргүзмөк болгон көрүнөт. Анан да, маалыматтын эски экени коркунуч жок дегенди билдирбейт.

Ал эми оппозициядагы Демократтык партия чукул чараны киргизүүнү коомчулуктун көңүлүн партиянын 26-29-июль күндөрү Бостондо өткөн улуттук курултайында козголгон орчундуу маселелерден буруунун аракети катары баалады.
Бу курултайда демократ-сенатор Жон Керри президенттикке ырасмий түрдө талапкер жарыяланган.

Ак Үй бирок мындай айыптоону негизсиз жалаа ирети четке какты. АКШнын ички коопсуздук кызматынын башчысы Том Ридждин айтымында, “ал-Каида” өз планын быйыл январда жаңылаганын жакында колго түшүрүлгөн маалыматтар тастыктаган. Анын сөзүнчө, чукул чара киргизилгенине карабай, Америка өзүнүн ачык-айрым жашоосун уланта берет:

-Биз террорчулар эмне жасагысы келгенин билебиз. Бирок аны жасоого жол бербейбиз. Биз Американы сепилге айлантпайбыз. Биз өз жашообузду улантып, алга жыла беребиз жана эркиндигибизди бекем кармайбыз. Муну эч нерсе өзгөртө албайт.
XS
SM
MD
LG