Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:15

Мунайзаттын дүйнөлүк баасы өсүүдө


Нью-Йорк базарында мунайзат баасы кечкурун бир аз ылдыйлады. Кечээ күндүз анын баасы 45 долларга чукулдап барган болчу. Адистердин айтымында, соңку 21 жылда мунайзат мынчалык кымбаттай элек болчу. Мындай секирикти дүйнө жүзүндөгү мунайзат куурларына ыктымал террордук чабуулдардан чочулоо жана мунайзат ташыган эң чоң компания ЮКОСтогу кризис менен байланыштырышат. ОПЕК уюмунун жетекчилиги билдиргенге караганда, тынчсызданууга негиз жок, кандай болгон күндө да 1 миллион баррелге чукул мунайзат запас сакталуу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG