Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

Түштүк Осетияга барган Мамдума депутаттары аткыланды


Грузин куралдуу күчтөрү Мамлекеттик Думанын Түштүк Осетияга барган депутаттарына ок жаадырды. Мындай маалыматты Түштүк Осетиянын бийлигине шилтеме жасоо менен Интерфакс агенттиги таратты. Депутаттар аймактагы бейпилдик күчтөрдү кыдырып жүргөн убакта Сарабук кыштагында ок атылган. Мамлекеттик думанын КМШ иштери боюнча комитетин башкарган Адрей Кокошин башкарган делегация кетери менен катуу аткылоо болгон.

Бирок грузин бийлиги бул маалыматты четке кагат. Грузин полициясы билдиргенге караганда, сөз болуп жаткан Сарабук кыштагында грузин бейпилдик күчтөрү жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG