Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

ӨЗБЕКСТАНГА ОРУСИЯЛЫК ИНВЕСТИЦИЯЛАР КЕЛЕ БАШТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Борбор Азияга жардам көрсөткөн Батыш өлкөлөрү жана эл аралык уюмдар адам укуктары менен демократиялык реформалар боюнча талап койгону жергиликтүү жетекчилерге жакпайт. Орусия болсо борбор азиялык жумурияттарга эч шартсыз жардам көрсөтүү менен өз таасирин күчөтүүдө.

1990-жылдардын башында жаңыдан эгемендүүлүккө жеткенде Борбор азиялык баардык жумурияттардын жетекчилери Батыш өлкөлөрүнөн же эл аралык уюмдардан жардам алганда, каражатты демократиялык реформа үчүн жумшоого убада кылчу.

Батыш жетекчилери дагы ар бир жолугушууда адам укуктарынын абалын жакшыртуу жана демократиялык реформаларды ишке ашыруу талаптарын коюп келген, бирок акыркы мезгилде андай талаптарды жергиликтүү жетекчилер регион өлкөлөрүнүн ички иштерине кийлигишүү деп атай баштады жана ал үчүн Батышты күнөөлөгө да киришти.

Бир чети анын себеби - бул өлкөлөр жана өзгөчө алардын башкаруу чөйрөсү акырындап бутуна туруп, экономикалык абалын жакшыртып алганы менен байланыштуу, экинчи жагынан болсо Борбор азиялык жетекчилерди андай жолго Маскөөнүн саясаты түртүүдө. Президент Владимир Путиндин өкмөтү Борбор Азия менен акыркы жылдарда бир топ экономикалык келишим түзүп, өзүнүн чөлкөмдөгү таасирин күчөтө баштады, ошол эле учурда адам укуктары же демократия тууралуу Маскөө эч талап койбойт.

Мисал үчүн, Өзбекстанда адам укуктарынын кеңири түрдө бузулуп, миңдеген адам саясий же диний себептерден эркинен ажыратылып, саясий оппозиция ырайымсыз куугунтукталгандыктан, Эл аралык валюта кору өзүнүн кеңсесин Ташкенден жакында көчүрүп кетти, ал эми Европадагы кайра куруу жана өнүгүү банкы Өзбекстанга көрсөткөн жардамын кыскарта турганын билдирди. Июлда болсо АКШнын Мамлекеттик департаменти мурда убадаланган 18 миллион доллар жардамын ошол эле себептерден Ташкенге берүүдөн баш тарттты.

Бирок Батыштан алынбай калган жардамды жана келбей калган инвестицияларды Өзбекстанга Орусия берүүгө киришти. Маскөө шаарында жайгашкан "Мобайл телесистемс" аттуу фирма Өзбекстандын "Уздундробита" аттуу компаниясынын акцияларынын 74 пайызын 16-июлда 121 миллион долларга сатып алды жана калган 26 пайыз акция үчүн келерки үч жылдын ичинде 38 миллион доллар төлөөгө убада кылды. "Москоу таймс" гезити 19-июлда жазганга караганда, президент Ислам Каримовдун кызы Гулнара ээлик кылган "Уздундробита" өзүнүн акцияларын мурда бар болгону 3-4 миллион доллар турат деп баалаган.

Каримов менен Путин июнда кол койгон келишимге ылайык, Орусиянын "ЛУКойл" компаниясы келерки 35 жылда Өзбекстандын газ корлорун иштетет жана бир миллиард доллардык контракттын 90 пайыз чыгымын көтөрөт. Путиндин айтымында, "Газпром" компаниясы дагы Өзбекстанга бир миллиард доллар инвестиция жасап, "Узтрансгаз" ишканасынын 44 пайыз акциясын сатып алууга камданууда. Мынчалык инвестиция кылган Маскөө адам укуктары боюнча эч талап койбостон, Каримовдун авторитардык саясатын колдойт, анткени өзү да авторитардык саясат жүргүзүүдө.

Бир гана маселе - Орусиянын өзүнүн экономикасы деле өнүгүп-ташып кеткен жок жана Өзбекстан баары бир Батыш жардамына дагы эле муктаж. Адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдардын пикиринде болсо, Өзбекстандагы жалпы жагдай Батыш жардамы менен гана оңоло алат жана ал так жана катуу талаптар менен коштолууга тийиш. "Хюман райтс вотч" уюмунун басма сөз өкүлү Ванесса Сээнендин айтымында,

- Америка Кошмо Штаттары жана башка уюмдар өз жардамы үчүн адам укуктар абалынын чындап оңолушун талап кылганда гана Өзбекстандагы абал, менин оюмча, жакшырат деп үмүттөнсө болот.
XS
SM
MD
LG