Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

Баткендин айыл чарбасына жаандын кесепети тийди


БАТКЕН. 5-августта Баткен облусунун бийлиги өкмөт башчы Николай Танаевге кат жолдоду. Облустук акимчиликтен ушул эле күнү алынган маалыматка караганда, бул катта 31-июлдан 2-августка дейре облустун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунун жана Сүлүктү шаарынын аймагында нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, натыйжада 12 турак-жайды, 51 чарбалык курулуштарды, 323 короо-жайды суу каптап, 80 баш майда мүйүздү малды сел агызып кеткени, мындан сырткары бир канча гектар эгин талаалары, ички жолдор, көпүрөлөр, сугат тармагы селден жапа чеккени эскертилген. Жалпы жонунан бул табият кырсыгы облусту 23 млн. 406 миң сомдон ашуун чыгымга кириптер кылган. Каттын соңунда облус бийлиги өкмөт башчыдан селдин кесепеттерин жоюу иштери үчүн керектүү өлчөмдөгү күйүүчү, майлоочу майларды жана материалдык-техникалык каражаттарды бөлүүгө жардам көрсөтүүсүн өтүнгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG