Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Ички иштер министрлигинде адистешкен күзөт кызматынын мамлекеттик депертаменти түзүлдү


БИШКЕК. Ички иштер министрлигиндеги күзөт башкармалыгынын ордуна, адистешкен күзөт кызматынын мамлекеттик департаменти түзүлгөндүгүн аталган министрликтин басма сөз кызматынын бүгүн билдиришти. Департамент өлкө аймагындагы мамлекеттик маанилүү ишкана, мекемелерди жана менчик ишкана, турак-жайларды келишимдин негизинде күзөтүп, өзүн-өзү каржылайт. Ошондой эле адистешкен күзөт кызматынын кызматкерлери жеке адамга жан сакчы жана баалуу кагаздарды, мамлекеттик жана жеке менчик жүктөрдү жеткирүүдө келишимге ылайык сакчылык милдетин аткарышат.

XS
SM
MD
LG