Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

ШКУ өкмөт башчылары Бишкекте жолугушат


БИШКЕК. 22-23-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги отуруму болот. Бул тууралуу премьер-министр Николай Танаев бүгүн маалымдады. Кызматташтык уюмунун катчылыгы күтүлүп жаткан иш чара тууралуу кеңири маалымат тарата элек. Болжолдуу маалыматтарга караганда, өкмөт башчылардын Бишкек отуруму мамлекет башчылардын Ташкент жолугушуусундагы чечимдеринин негизинде иш алып барат. Өкмөт башчылардын мындан мурдагы отуруму былтыр Пекинде өтүп, анда соода-экономикалык кызматташтыктын узак мөөнөттүү программасы талкууланган. Кезектеги отурумду Бишкекте өткөрүү чечими да Пекин отурумунда кабыл алынган. Шанхай кызматташтык уюмуна Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттери мүчө.

XS
SM
MD
LG