Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Ооганстанда шайлоочуларды каттоо улантылууда


Кабул. Ооганстанда президенттик шайлоого карата шайлоочуларды каттоо иштери улантылууда. Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы өкүлү Мануэль де Алмейда Сильва Кабулда маалымат жыйынын өткөрүп, катталган шайлоочулардын саны көбөйүп бараткандыгын белгиледи:

- Биринчи августка карата өлкө боюнча катталган шайлоочулардын саны 9 миллионго жетти. Алардын ичинде 59 пайызы-эркектер, 41 пайызга жакыны-аялдар.

Ооганстанда президенттик шайлоо ушул жылдын 9-октябрында өтөт. Президенттикке негизги талапкерлер - азыркы президент Хамид Карзай жана өлкөнүн мурдагы билим берүү министри Юнус Кануни. Буга чейин Ооганстандын коргоо министри Мохаммад Казим Фахим Хамид Карзайдын вице-президенттике таоапкерлигин көрсөтүү боюнча сунушун четке каккан. Ал мындай чечимин төмөнкүдөй түшүндүрдү:

- Мен жана бир нече жергиликтүү лидерлер шайлоодо өзүбүздүн талапкерди көрсөтүүнү чечтик. Ал эми президент Карзай өз алдынча, жалгыз иш жүргүзүүнү каалайт. Мен жана өкмөттүн башка бир нече мүчөлөрү, алардын ичинде тышкы иштер министри, президенттик шайлоодо Канунинин талапкерлигин колдойбуз. Менин айтайын дегеним, Карзай азыр мурда аны менен кызматташкан топтордун колдоосуна ээ болбой калды, -деп билдирди Ооганстандын коргоо министри.

XS
SM
MD
LG