Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

АКШнын мамлекеттик департаменти Ирактагы барымтачыларга карата билдирүү таратты


Вашингтон. АКШнын мамлекеттик департаменти Ирактагы барымтачылардын талаптарын Ирактагы аскер өнөктүгүнө катышкан өлкөлөрдүн бири да аткарбайт, терроризмге каршы биргелешкен күрөшүүнү улантат деген мазмундагы билдирүүсүн таратты. Мамлекетик департаменттин өкүлү Ричард Баучер мындай билдирүүлөр коалицияга кирген 31 мамлекет тарабынан да жакынкы күндөрү жасалаары жөнүндө маалымдады. Кечээ Иракта барымтада жаткан 6 чет элдик атуул бошотулду. Ал эми өткөн айда филиппин бийлиги барымтага алынган өз атуулунун өмүрүн сактап калуу үчүн, козголоңчулардын талабын аткарып, Ирактан аскерлерин алып чыгып кеткен. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, азырынча бир да өлкө Иракка уюмдун көзөмөлү астында аскерлерин жиберүү ниетин бирдирген жок.

XS
SM
MD
LG