Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:13

Судандыктар Дарфурдагы кырдаалга кийлигишүүгө каршы


Хартум. Судандын борбор калаасы Хартумда миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышып, Дарфурдагы кырдаалга АКШ менен Улуу Британиянын кийлигишүүсүнө, Суданга Бириккен Улуттар Уюму тарабынан коюлган талаптарга каршылыктарын билдиришти. Маалыматтарга караганда, массалык демонстрация өкмөт тарабынан уюштурулду. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан ал үчүн Хартумдагы демонстрация күтүлбөгөн окуя болбогонун маалымдады. Анын айтымында, айрым учурларда өкмөттөр уюмга кысым көрсөтүү үчүн ушундай ыкмаларды пайдаланууга барышат. Кофи Аннан ошону менен бирге, Хартумду Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин талаптарын аткарууга, башкача айтканда, 30 күндүн ичинде Дарфурдагы куралчан жанжавиддерди куралсыздарууга үндөдү. Соңку маалыматтарга караганда, Судандын Дарфур аймагында, араб согушкерлери акыркы бир жылдын ичинде эле, 50 миңге жакын кишини өлтүрүшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG