Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Гуантанамодогу аскер базасында камакта отургандардын иши сотто карала баштады


Вашингтон. Кошмо Штаттардын Гуантанамодогу аскердик базасында камакта жаткандардын сот иши АКШнын атайын аскер трибуналдары тарабынан карала баштады. АКШдагы 2001-жылдын 11-сентябрындагы жардыруулардан кийин “Ал-Каида” уюму же талиптер менен байланышы бар деген шек менен Ооганстанда кармалган 585 адам Гуантанамодо камакта жатат.

АКШнын атайын аскердик трибуналы аларды камакта кармоо канчалык негиздүү экендигин иликтеши керек. Аскер трибуналдар күнүнө 4 адамдын ишин кароону көздөшүүдө. Камакта жаткандардын ишин кароо ноябрь айына чейин аякталат деп болжолдонууда.

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Гуантанамодогу өкүлү Гордон Ингленд бул маселеге байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүп, мындай деди:

- Бул – АКШнын Жогорку сотунун чечиминин алкагында жүргүзүлүп жаткан административдик иш-чара. Биз камакта жаткандардын баарынын иштерин карап, алардын күнөөсү бар же жок экендигин аныкташыбыз керек. Эгерде аларга коюлган күнөө аныкталса, анда аларды душман деп эсептесе болот.

Эл аралык укук коргоочулар Гуантанамодо камакта отурган адамдардын укуктары одоно түрдө тебеленип жаткандыгы жөнүндө айтып келишет.

XS
SM
MD
LG