Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

Кыргызстан менен Өзбекстан түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол койгон. Бирок эки өлкөнүн соодасы акыркы кезде төмөндөгөндөн төмөндөп баратат. Андан сырткары чек араны аныктоо боюнча татаал сүйлөшүүлөр жүрүп, бир катар материалдык-техникалык, курулуш баалуулуктарынын башын ачуу маселеси чечилбей келатат. Андан Кыргызстан пайда көргөн жери жок.

Адатта Кыргызстандын Өзбекстанга карызы, бересеси тууралуу көп сөз айтылат. Буга негиз берген бир нече себеп бар. Маселен, Бишкектин Ташкенге 11 миллион доллардан ашкан карызы, газ жагынан күчтүү көз карандылыгы бар. Ал эми автожол жагынан муктаждык, альтернативдик жолдорду куруу менен кайсы бир деңгээлде чечилип жатат. Бирок өзбек темир жолун алмаштырууга арга жок болуп турат. Мына ушул аргасыздыктар Кыргызстандын пайдасына башка маселелерди чечүүгө тоскоолдук кылууда. Башкача айтканда, СССР мезгилинен бери Өзбекстан пайдаланып келаткан бир катар обьектерди Кыргызстанга кайтарып алууну кыйынчылыкка учуратып келатат.

Кыргыз тарап бул маселелерди июль айынын аягында Бишкекте болгон кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиянын жыйынында чечүүгө аракет жасап, аларды биргелешкен жыйындын күн тартибине киргизген. Бирок өзбек делегациясы аларды талкуулоону зарыл деп тапкан эмес. Ошондуктан эки тарап макулдашкан күн тартибинде ал маселелерге орун берилген эмес.

Кыргызстан июлдагы сүйлөшүүлөрдө Ортотокой суу сактагычын, Түндүк-Сох, Чоңгара–Галча мунай чыккан жайларын, Түндүк Сох газ сактоочу жайын, Алтынарык-Риштан, Урпатьевск-Фергана газ түтүктөрүн өзүнө өткөрүп ала баштоону каалаган. Комиссия жыйынында ал маселе талкууланган. Бирок тараптардын позициясы протоколго жазылбай калды.

Ошондуктан ал маселени чечүү кайсы деңгээлде экени белгисиз бойдон калууда. Кыргызстандын вице премьер министри Базарбай Мамбетов “ал мүлктөрдү кайтарып алуу боюнча сүйлөшүүлөр улантылат” деп билдирген. Кыргыз тарап даярдаган документтердин биринде болсо “Ортотокой суу сактагычы боюнча маселе бир ай ичинде чечилбесе, аны Кыргызстан бир жактуу түрдө өз менчигине алууга барат”, деп жазылган. Албетте муну турмушка ашыруу мүмкүнбү деген суроо туулат?

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин пикиринде андай кадам жасоого кыргыз өкмөтүнүн укугу бар:

-Биздин өкмөтүбүз тиешелүү обьектерди алып алса туура эле болот.

Анын айтымында, бул үчүн тийиштүү мыйзамдык база бар. Кыргыз тарап өз мүлкүн кайрып алса, аны өзбек тарап түшүнүү менен кабыл алууга тийиш.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Алишер Абдымомунов бул маселени чечүүдө кыргыз өкмөтүнө чечкиндүүлүк жетишпей жатат деген пикирде:

-(Kыргыз өкмөтү) Жоопкерчиликти алып бул ишти жасаш керек эле. Ушул күнгө чейин аны эмнегедир ишке ашыралбай келатат. Карталар менен тараптар алмашышкан. Ал боюнча биздин жер аныкталган. Демек ал ишти жасаш керек. Эгерде биздин өкмөт андай кадамга барса - мен аны колдойт элем.

Анын пикиринде, Кыргызстандын газ жана башка бир катар маселелер боюнча Өзбекстандан көз карандылыгы, мүлктөр боюнча маселени чечүүгө тоскоолдук кылып жатат. Муратбек Иманалиевдин оюнча, чек ара, соода-экономикалык мамиле жана мүлк маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү бири-биринен бөлүп жүргүзүү керек. Эгерде кайсы бир тарап аларды бириктирип чечүүнү көздөсө-түгөнбөгөн талаш улана берет.

Өзбекстан жогоруда аталган Ортотокой суу сактагычын, Сохтогу мунай чыккан жерлерди, газ сакталуучу жайды мурдагы СССР убагындагыдай пайдаланып келатат. Аларды кайтарып алуу үчүн кыргыз өкмөтүнө эрк жетишпей жатабы? Же кайдыгерлик дале күчтүүбү, же коңшу мамлекет менен мамилени толук бузуп албоо аракети үстөмдүк кылып атабы? Белгисиз. Кандай болгон күндө да Кыргызстан өзүнө тийиштүү мүлктү өз юрисдикциясына алууга, тийиш деп эсептейт жергиликтүү талдоочулар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG