Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

Ал эми Саакашвили Америкада


Грузиянын президенти Михаил Саакашвили АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен жолугуп, Түштүк Осетиядагы кырдаалды жана Орусия–Грузия мамилелесин талкуулады. Бул эки өлкө ортосунда соңку кезде мамиле чыңалып баратканы белгилүү. Жолугушуу алдында АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер тараптарды жаңжалды тынч жол менен чечүүгө чакырган. Грузин президенти жолугушуу учурунда Абхазия аскерий аймак экенин айтып, Кара деңиздин Абхазия тарап жээгине бир да кеме келбеши керектигин дагы бир жолу жар салды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG