Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

АБХАЗИЯ АЙЛАНАСЫНДАГЫ АБАЛ ДАГЫ ЭЛЕ КУРЧ


Нарын АЙЫП, Прага Грузия президенти Михаил Саакашвили 4-августта Америка Кошмо Штаттарына расмий эмес сапар менен барып, Атланта шаарындагы конференцияга катышууда. Аны менен катар Саакашвили борбор калаа Вашингтон шаарына да келип, америкалык жетекчилер менен жолукту, анткени акыркы мезгилде Абхазия жана Түштүк Осетия жумурияттары боюнча Грузия менен Орусия ортосунда бир топ чыңалуу пайда болду.

Грузия президенти Михаил Саакашвили АКШга келээри менен дароо коргоо министри Доналд Рамсфелд менен жолукту. Анын эртеси болсо америкалык президенттин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс, андан соң мамлекеттик катчы Колин Пауэлл менен дагы кездешип, Саакашвили Кавказ чөлкөмүндөгү маселелерди талкуулады. Расми эмес сапар учурунда мынча расми адам менен жолугуу өзүнчө эле окуя.

АКШга кетээр алдында болсо Саакашвили 3-августта атайын жарыя жасап, Абхазиянын деңиз жээгине кандай болбосун чоочун кеме жакындаса Грузия аскерлери ага каршы ок атат деп билдирген:

- Абхазия маселесине келсек, мен атайын буйрук бердим жана аны азыр тастыктайм - биздин суу аймагыбызга кандай болбосун кеме уруксатсыз кирсе, биз ага каршы дароо ок атабыз. Орус туристтерибиз дегендерди мен эскертем: грузия каны төгүлүп жаткан жерге келип эс албагыла, силер биздин жараатыбыз менен ойнобогула.

Америкалык жетекчилер менен жолуккандан кийин Саакашвили Вашингтон шаарындагы Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунда 4-августта чыгып сүйлөп, мындай чараларга эч ким таң калбаш керек деп билдирди:

- Бул эч кандай бир агрессия же таң каларлык чара эмес, аны кыжыр кайната турган нерсе деп деле айта албайсың. Абдан көп эскертүүлөрдөн кийин, көптөгөн дипломатиялык ноталардан кийин, бир кыйла убакыт өткөндөн соң кандай болбосун өлкө ушундай чарага барууга аргасыз болот. Кайсы болбосун демократиялык мамлекеттин андай чара көрүүгө укугу бар, өз чек араларын коргоого ар бир өлкө милдеттүү.

Анткен менен орус жетекчилиги бул окуяларды кыжырдануу менен кабыл алды. Коргоо министри Сергей Ивановдун айтымында, эгер кайсы бир орусиялык кеме грузиялык аскерлер тарабынан чөктүрүлсө, аны каракчылык деп кана түшүнүш керек болот. Орус тышкы иштер министрлиги дагы атайын жарыя жасап, орус жарандарынын өмүрүнө Абхазияда коркунуч болсо, Маскөө ага тийиштүү жооп берет деп билдирди.

Грузиянын курамына кирген үч автономиялык жумурият - Абхазия, Ажария жана Түштүк Осетия 1990-жылдардын башында эгемендүүлүк жарыялап, расми Тбилисиге баш ийбей калган жана Маскөөдөн такай жардам алып келген. Абхазияда жашаган грузиндердин дээрлик баары автономиядан көчүп кетүүгө аргасыз болгон.

Былтыр президент болуп шайлангандан кийин Саакашвили Ажарияны борбордук бийликке баш ийдирди жана ажар президенти Аслан Абашидзе Маскөөдөн баш калкалады. Акыркы апталарда эми Түштүк Осетия менен Абхазиядагы абал улам курчуп баратат.

Саакашвилинин айтымында, Маскөө менен Тбилиси ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык Грузиянын аймактык биримдигин Орусия тааныган, бирок эми - Тбилисиге бир сөз айтпастан орусиялык кемелер Абхазияга эркин каттап туруш керек деген пикир айтууда. АКШ мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Ричард Баучер 5-августта атайын билдирүү жасап, тараптарды сабырдуулукка чакырды:

- Биз эки тарапка тең кайрылып, бири-бири менен сүйлөшүп, эл аралык чатак чыкпагандай жана пайда болгон чыңалууну басуу максатында аларды чара көрүүгө чакырабыз.

XS
SM
MD
LG