Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

ХАНТЕҢИРДЕ АЛЬПИНИСТТЕРДИ КӨЧКҮ БАСЫП КАЛДЫ


5-августа Хантеңир чокусунда катуу көчкү жүрүп, андан чет өлкөлүк алты альпинист набыт болуп, дагы алты адам дарексиз жоголду. Учурда кырсык болгон жерде кыргыз жана орус адистери куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Азыркы кезге чейин Хантеңир чокусун багындырууга бет алган альпинисттердин саны канча болгондугун эч ким так айталбай турат. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын саны 20дан 50гө чейин болгон деп болжолдоодо. Көчкүдө каза болгондордун саны тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Эмил Акматов буларды кабарлады:

- Беш чех гражданы, Орусиянын бир атуулу каза болду. Алты адам дайынсыз жок болууда. Жоголгондордун бирөөсү чех атуулу, экөөсү Россия, үчөөсү Украина жарандары. Эки жарадар киши кечээ күнү Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен Каракол шаарындагы облустук ооруканага жеткирилип, аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

Анын айтымында, көчкүдөн аман калган ондон ашуун альпинист коопсуз жайда турат.

5-августа Хантеңир тоосунда дагы бир көчкү жүргөндүгүнө байланыштуу куткаруу иштери ал күнү токтотулган. Ал эми бүгүн таңдан баштап куткаруу иштери кайрадан башталды. Кыргыз куткаруучуларына Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кошулду. Бул тууралуу Эмил Акматов:

- Бүгүн Россиядан 30 альпинист учуп келди. Алар кыргызстандык альпинисттер менен бирге куткаруу иштерине катышат.

5-августа Хантеңирдеги көчкүдөн каза болгондордун аты жөнү жарыяланды. Алар Чехия атуулдары: Мартин Спичка, Петр Воска, Павел Риха, Павла Душкова, Людмила Душкова жана орус атуулу Храмцов. Караколдогу ооруканада чех атуулу Алин Мрна менен орус жараны Михаил Небойко жатат.

Курамында Россия, Чехия, Украина жана Эстония альпинисттери бар топтун Хантеңирге чыгуусун кыргызстандык “Аксайтревел” туристтик компаниясы менен Алматыдагы “Хантеңир эл аралык альпинисттик лагерь” уюштурган. Кыргыз туристтик компаниясынын жетекчилиги учурда кырсык болгон жерде куткаруу иштерине катышып жүрөт.

Ошондуктан Хантеңирди багынтууга бет алган альпинисттердин так саны тууралуу суроо менен компанияга кайрылганыбызда, жетекчилик жоктугуна байланыштуу так маалымат бере алышпасын билдиришти:

- Биздин директор менен сүйлөшсөңүз туура болот. Анткени бул маселелер менен ал өзү иштеп жатат. Ал өзү кырсык болгон жакта жүрөт. Биз эч кандай маалымат бере албайбыз. Менде ошол маршрут менен 50дөй адам чыга баштаганы тууралуу гана маалымат бар.

Хантеңир чокусунун бийиктиги 7 миң 10 метр келет. Ага чыгуунун жолу эң татаал деп эсептелет. Ошондуктан ага тааталдыктын эң акыркы категорияларынын бири - 6А ыйгарылган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG