Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

20-КЫЛЫМДЫН ЖЫЛДЫЗЫ МЕРИЛИН МОНРОНУ ЭСКЕРИП…


Төрөкул Дооров, Москва http://gdb.rferl.org/C7A76A11-1266-4405-9F6B-6838528FDBBE_w203.jpg 5-август 20-кылымдын белгилүү кино жылдыздарынын бири Мерилин Монронун дүйнөдөн кайткан күнү. Мындан туура 42 жыл мурда, 1962-жылдын 5-августунда Мерилин Монро эртең менен уйкудан ойгонгон эмес. Доктурлар өтө жогору өлчөмдөгү уйку дарылары ичилгендигин кабарлашат. Голливудда төңкөрүш жасаган айчырайлуу Мерилиндин чыгармачылыгы да, табышмактуу өлүмү да бүгүнкүгө чейин түрдүү божомолдор менен талаш-тартыштарды жаратып келет.

Мерилин дүйнөдөн кайткандан бери жарым кылымга жакын мезгил өттү. Ошентсе да, анын образы учурдун эң популярдуу инсандарынын бири катарында жашап, шоу-бизнес аталышындагы чоң индустриянын өнүгүшүнө салым кошуп келет. Анын сүрөттөрү, фильмдери жана жеке турмушу менен өлүмүнө арналган чыгармалар бүгүнкүгө чейин чоң кызыгууну жаратат жана алардын авторлоруна миллиондогон суммадагы киреше берет.

Мерилинди, негизи, улуу акриса деп айтуу кыйын. Анын кино өндүрүшүндөгү эмгектеринин ичинде «мыкты» деген баага бир, ашып кетсе, эки тасмасы туура келсе керек. Ал негизинен комедия жанрындагы тасмаларга тартылган. Алгачкы рольдору киночулар тарабынан анчалык бааланбаганы менен, алар Мерилинге көрүүчүлөр тарабынан болгон чоң кызыгууну байкап калышат. Кийинчерээк Мерилин өзүнүн актердук да, ырдоо-бийлөө өнөрүн да 1959-жылы тартылган «Джазда жалаң кыздар» жана мурдараак, 1952-жылы белгилүү болгон «Миллионерге кантип турмушка чыгуу керек» аттуу тасмаларда көрсөтөт.

Бирок, анын атын улап, жеке турмушуна кызыккандардын, сулуулугуна суктанып эле калбастан, керек болсо сыйынгандардын да саны кыскарбай келет. Айрымдар Мерилин постхристиандык диний пириге айланышы да мүмкүн деген ойлорун билдиришүүдө. Жарым кылымдан бери бүтүн дүйнөнүн тынчын алган бул сыйкырдуу аялдын образынын күчү эмнеде?

- Журналист Александр Генистин оюнда, Мерилин Монро аттуу образды жараткан Норма Джин Бейкерди (бул Мерилиндин өзүнүн аты) теңеңирээк түшүнүү үчүн аны Мадонна менен салыштырып көрүү керек. Мерилин - эркек затына баш ийип, анын күчүнө багынган аял. Ал эми Мадонна, тетирисинче, эркекке моюн сунуудан баш тартып, феминизм идеясын көтөрүп чыккан аялдын бир мисалы. Бул образ эртеңки күнгө тишелүү аял. Ал эми Мерилин – кечээки күндүн аялзатынын элесин берет. Биз анын тасмалардагы ролун да, анын өзүн да сүйөбүз. Бул сүйүү мезгил өткөн сайын солгундабай, кайрадан күчтүү жалынга айланып барат. Мунун сыры – Мерилин ойногон фильмдердин эскирип бүткөндүгүндө. Ал бизге мурдагы кылымдан калган белектей эле. Мерилин Монрого өлгөндөн кийинки популярдуулук милдети жүктөлгөн деп ойлойм. Мындай тагдырды шоу-бизнес өзүнүн эң күчтүү жылдыздарына тагат. Ал мүрзөсүндө да тынчыбай, жарым кылымдан бери бүтүн дүйнөнү дүрбөлөңгө салып келет. Мерилин – ар бир эркектин каалосундагыдай аялзатынын бир көрүнүшү. Ал кудум сүйүү үчүн төрөлгөндөй. Ачык сексуалдуулук анын абройуна шек келтирбей, аны дагы бир канча даражага көтөрүп койгондой туюлат, - деп эсептейт журналист Александр Генис.

Бирок Генистин оюна каршы Мерилиндин айрым изилдөөчүлөрү актрисанын эки жүздүүлүгү тууралуу сүйлөшөт. Алардын ойлорунда, Монро көп учурда эркектерди багынтыруу үчүн өзүн башкача ала баштайт. «Мунун баары чыныгы Монро эмес, бул – оюн» дешет алар. Бирок актриса Сюзан Страсбергдин оюнда, Мерилин чындап эле өтө сезимтал болгон.

- Мен 16 жашымда апам экөөбүз Калифорниядагы «20-кылым – Фокс» студиясына кирип калдык. Мерилин анда «Шоу-бизнеске окшош башка бизнес жок» аттуу фильмге тартылып жаткан. Анын сахнага чыгышын бир канча жолу кайра-кайра тартып жатышты. Бир убакта сахнага чыгаарда Мерилин бир нерсеге чалынып, жыгылып түштү. Ошол убакта ал уялганынан анардай кызарып кеткендигин байкадым. Ошондо Мерилин канчалык деңгээлде сезимтал болгонун түшүндүм, - дейт кийинчерээк Мерилинге актердук дарстарын окуй баштаган актриса Сюзан Страсберг.

Негизи эле, Мерилин Монронун өмүрү тууралуу жазылган чыгармалар дайыма кызыктуу. Алгач бул адаттагы кино жылдызынын турмушундагыдай Голливуд, секс жана даңк менен эле чектеле тургандай байкалат. Мерилин көп учурда түнкү уйкусуздуктан кутула албайт. Тынч уйкусун жоготуп, түрдүү жаман ойлор менен жалгыздыктын кучагынан чыга албайт. Бир канча уйку даарысын ичкенден кийин гана тынчтыкты тапкан актриса эртеси көпкө төшөктөн тура албай кыйналат. Ушундан улам Мерилин киночуларды күттүрүп, жумушка дайыма бир канча саатка кечигип келчү болот.

Эмне үчүн Голливудда чоң ийгиликке жетип, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон айчырайлуу аял өзүн бактысыз сезген? Кайрадан Сюзан Страсбергдин жообун угалы:

- Бир жолу эрте менен уйкудан туруп карасам, Мерилин жылаңач бойдон терезенин жанында океанды карап турган экен. Мен ага суктана тигилип, «Эгер менде ушул Мерилиндикиндей алтын түстүү чачтарым, ушундай боюм жана сулуу денем болгондо, мен бактылуу болмокмун» деп ойлоп турсам, ал мени көрө койду. Мен ага: «О, Мерилин, мен сага окшош болуп калганымда канаке!» деп жалбарып жибергенсидим. А Мерилин болсо менин бул сөздөрүмөн чочулап, коркуп кеткендей болду. Анан: «О, жок, Сюзи, сен эмне деп жатасың? Кайра мен сага окшош болгонумда кандай сонун болмок, анткени сени элдер урматтайт», - деди Мерилин, - деп эскерет актриса Сюзан Страсберг.

Мерилин Монро тууралуу айтылып келаткан сөздөр карама-каршы ойлордун топтолмосунан тургандай. Айрымдар аны улуу актриса катарында билишсе, дагы бирөөлөр кинодо ал талант деген нерсени билген эмес, ошондуктан тартылган ар бир кыймылын он жолудан кайталап тартууга туура келчү дешет. Ал китеп окууну аябай сүйгөндүгү тууралуу сүйлөшөт, бирок ошол эле учурда кайсыл бир пресс-конференцияда өзү ойноону каалаган каармандын атын туура жаза албагандыгы тууралуу да айтылат. Айрымдар Мерилин саясат деген түшүнүктөн өтө эле алыс болгондугун келтиришет, бирок ошол эле учурда дагы бирөөлөр актриса АКШнын президенти менен Кариб кризисин жандуу талкуулап жүргөндүгүн эстешет. Мунун баары түшүнүксүз. Бул өңдүү карама-каршы фактылар да чачтан көп.

Мерилиндин терең ишениминде, Голливуддагы таттуу жашоого, а балким, актердук популярдуулукка жетүү үчүн мыкты артист болуунун деле кажети жок. «Болгону керектүү адам менен жатып коюш керек!» деп ишенген ал. Анын секске карата мамилеси да 40-жылдардагы Американын оозун ачыргандыгы маалым. А балким, кийинчерээк болгон сексуалдык төңкөрүштүн пайдубалын да дал ушул Мерилин кургандыр деген да ойлор айтылат.

Анын ойношторунун тизмеги узун жана бай. Алардын ичинде ири студиялардын директорлору, белгилүү актерлор менен спортсмендер, мафиянын адамдары менен интеллектуалдар да бар. Акыр аягында, өзүнүн кудай берген сулуулугу менен Мерилин Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джон Кеннедини да багынтып алды.

Актрисанын өлүмү анын турмушундагы баардык башка көрүнүштөрдү артка түртүп койгондой же, анын жашоосунда жүз көргөн тигил же бул окуялар анын өлүмүнүн айланасында өнүккөндөй туюлат. Джон Кеннеди кийинчерээк анын бир тууганы Роберт Кеннеди менен болгон мамилелери президент жана Юстиция министри үчүн чоң саясий тобокелчилик сезилсе, Мерилин үчүн бул жөн гана атак болгон болушу керек. Кийинчерээк алардын ортосунда мамиле солгундап, алданып калган Мерилин президентке жана анын иниси Роберт Кеннедиге каршы аракеттерди жасай баштайт. «Бул аракеттери менен Мерилин өзүнүн ажалын чакырып алгандай болду» деп ойлойт «Мерилин Монро» китебинин автору Игорь Беленький.

- 3-августта Мерилин Роберт Кеннеди менен сүйлөшөт жана «6-августта пресс-конференция өткөрүп, Кеннедилер тууралуу баардык нерсени элге жарыя кылам» деп коркутат. Мындай учурда, негизи, акылсыз, же бүгүнкү күнү менен гана жашаган адам бул өңдүү жолго бара алат. Анткени бул жалын менен ойноо дегенге барабар, - деди «Мерилин Монро» аттуу китептин автору Игорь Беленький.

1962-жылдын 5-августунда Мерилин Монро уйку даарысынын чоң өлчөмүнөн улам дүйнөдөн кайткан. Ырасмий себеп: өзүн-өзү өлтүргөн деп айтылды. Бирок биринчи эле мүнөттөрдө бул версия көпчүлүк тарабынан кабыл алынган жок. Ошол эле учурда башка себептер да ишенимдүү көрүнбөйт. Өткөн кылымдын жылдызы Мерилиндин табышмактуу өлүмүндөгү чындык качандыр бир мезгилдерде жалпы дүйнөгө маалым болобу? «Мерилин Монро» Энциклопедиясынын автору, актрисанын турмушун изилдеген ири авторлордун бири Адам Виктор жооп берет:

- Бул суроого мезгили келгенде так жоп айтылат деп ойлобойм. Мерилин өзүн өзү өлтүргөн болушу да мүмкүн, анткени буга чейин деле ал бир канча жолу мындай аракеттерге баргандыгы маалым. Бирок дайыма кимдир бирөө анын жанын сактап калууга үгүрүп турган. Ошол эле учурда «Мерилинди анын айлаансындагы эле адамдардын ичинде кимдир-бирөөлөр өлтүргөн болушу мүмкүн» деген да божомол бар, анткени ал айрымдарга өтө эле тоскоол боло баштайт. Актриса өлгөндөн кийин анын денесин текшерип. Иликтөө жүргүзүүгө бийликтер дайыма каршылык көрсөтүп келишкендиги да, жогоруда айтылган ойду бекемдегендей болот. Мерилин тууралуу жазылган жүздөгөн китептердин көпчүлүк бөлүгүндө анын өлүмү тууралуу ойлорго кеңири орун берилет. Аларда «Мерилиндин өлүмүнө президент Кеннеди менен анын иниси күнөөлүү, же мафиянын өкүлдөрү акстрисаны өлтүргөн, же болбосо аны башка планетадан келгендер өлтүрүп кетишкен болушу ыктымал» деген да ойлор айтылат. Мен алгач бул актриса тууралуу кызыга баштаганымда, мага мындай ойлордун дээрлик баары чындыктай туюлчу, анткени алар Мерилиндин өмүрүн жандуу кылып көрсөтүшчү. Бирок кийинчерээк «Мерилин адам колдуу болуп өлгөн» деген ойдон алыстай баштадым. Бир эле жагдай мени бул ойго кайрылууга мажбурлайт. Бул – ага-ини Кеннедилер. А калган учурларда бул ойго шектүү караганга болот, - дейт Адам Виктор, «Мерилин Монро» Энциклопедиясынын автору.

Мерилин Монро Голливудда төңкөрүш жасады. Бирок кызыктуу жери 20-кылымдын эң белгилүү актрисасы Мерилин Монро бир жолу да «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлбөгөндүгү. Анын актердук мүмкүнчүлүктөрү замандаштары тарабынан түшүнүксүз бойдон калды. «Голливудда сени бир өбүү үчүн миң доллар бериши мүмкүн, бирок жан дүйнөңдү 50сентке да алышпайт» деген экен Мерилин Монро.
XS
SM
MD
LG