Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

“Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук бирикмеси кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. Бүгүн “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук бирикмеси жана “Тоң районунун мугалимдер кошууну” президент Аскар Акаевге, Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиевага, Кытай Эл Республикасынын элчиси Чжан Яньняньга кайрылуу жолдошту. Кайрылууда үстүбүздөгү жылдын жазында Ысыккөл облусунун администрациясы менен Кытай Эл Республикасынын бизнес кызматынын көл өрөөнүнүн түштүк аймагын өнүктүрүү багытында түзгөн келишими тууралуу толук маалымат берүүсү айтылат. Келишимге байланыштуу толук, так маалыматтын жоктугунан коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып, атуулдардын нааразылыгын пайда кылышы мүмкүн. 2001-жылдагы Үзөнгүкуушка байланыштуу маселе жашыруун жүргүзүлгөндүктөн, анын кесепетинен Аксы трагедиясы чыкканы эскертилет кайрылууда.

XS
SM
MD
LG