Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

Куловго карата юстиция министрлиги расмий билдирүү таратты


БИШКЕК. Феликс Куловго байланыштуу Юстиция министрлигинин «Слово Кыргызстана» гезити аркылуу кечээ тараткан расмий жообу «Арнамыс» партиясын канагаттандырган жок. Партиянын маалымат кызматы тараткан билдирүү ушундай мазмунду камтыйт. Юстиция министрлиги өз билдирүүсүндө Феликс Куловду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу убактысы мыйзам боюнча келип жете электигин белгилеген. Кулов №19 түрмөдө отурган 2003-жылдын 8-апрелинен 2004-жылдын 5-июнуна чейин ушул өңүттө үч ирет кайрылып, тиешелүү жоопторун алган. Ал эми Сокулук райондук сотуна Куловдун арызы эки ирет жолдонуп, бирок сот түрмөнүн чечими жок деген негиз менен кайра кайтарып берген, деп айтылат билдирүүдө. «…мыйзамга туура келбеген көз караштарды айрым адамдар коомчулукка таңуулап жатат…» деп айтылат жаза өтөө мекемелеринин Куловго байланышкан аракеттеринин мыйзамдуулугун белгилеген билдирүүдө.

«Арнамыс» партиясынын пикиринде, юстиция министрлиги ишти чоюп, Куловдун сотко кайрылуусуна мүмкүндүк берген жери жок. «Кулов үч каттын ордуна комиссиянын бар же жок деген токтомун алышы керек эле» деп эсептейт «Арнамыс» партиясы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG