Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:36

«Рентонгруптун» аманатчылары нааразылык акцияларын улантып жатышат


БИШКЕК. «Рентонгрупп» компаниясына алданган аманатчылар 26-августта өз укуктарын коргоо максатында нааразылык акциясын өткөрүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу аманатчылар бүгүн баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссияда болгон жолугушуудан кийин маалымдашты. Жолугушуу аманатчылардын акыркы катына берилген жоопту териштирүү максатында өттү. Демилгелүү топтун мүчөсү Наталья Туманованын билдиргенине караганда, жабырлануучулар аманатчыларды алдаган облигация, вексель өңдүү баалуу кагаздарды чыгарууга «Рентонгрупп» ишканасына ким жардам берген деген суроого өкмөттөн февраль айынан бери жооп ала албай келатышат. 2 миң чамалаш аманатчы жарандык тартипте сотко кайрылууну көздөшүүдө. 10-августта болсо 1-май райондук соту компания боюнча кылмыш ишин кароого киришет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG