Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:48

Кант аба майданы күчтөнөт


БИШКЕК. Канттагы аба-аскерий базасы келечекте Борбор Азия аба мейкиндигиндеги коопсуздук сепили болот. Мындай пикирин президент Аскар Акаев «Чек-2004» аскерий машыгуусуна байланыштуу «Эдельвейс» полигонунда өткөн маалымат жыйынында билдирди. Кант аба майданындагы аскерий базанын кубаты арта тургандыгын ушул эле маалымат жыйынында Россиянын коргоо министри Сергей Иванов да билдирди. Анын айтымында, бул маселе Россиянын президенти Владимир Путин менен макулдашылды. Россиянын аба-аскерий күчтөрүнүн башкы командачысы Владимир Михайловдун журналисттерге маалымдаганына караганда, базадагы аскерий курам 700гө жана аскерий учактар менен тик учмалардын саны 20га чейин өсүшү ыктымал. Ошондой эле аба майданы аскерий учактардын бардык түрүн кабыл алууга ыңгайлаштырылат.

Канттагы аба-аскерий күчтөрү былтыр 23-октябрда расмий ачылган. Аба майданын 25 жылга пайдалануу тууралуу Россиянын жана Кыргызстандын коргоо министрлери 2003-жылдын сентябрында келишим түзүшкөн.

XS
SM
MD
LG