Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

«Чек-2004» жыйынтыкталды


БИШКЕК. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун «Чек-2004» аттуу аскерий машыгуусу бүгүн соңуна чыкты. Ага Тажикстандын, Казакстандын, Россиянын жана Кыргызстандын аскерий күчтөрүнүн бөлүктөрү катышты. Ысыккөл аймагындагы «Эдельвейс» аскерий полигонунда өткөн жыйынтыктоочу машыгууда аскерий бөлүктөр террорчулардан айылды бошотуу жана тоолуу жерлерде жайгашкан куралчан топтордун уюгун жок кылуу операцияларын ишке ашырышты. Машыгуу учурунда артеллериялык куралдардан тышкары абадан сокку урууга Су-25, Су-27, Миг-29, А-50 үлгүсүндөгү учактар жана Ми-8, Ми-24, К-50 үлгүсүндөгү тик учмалар катышты.

«Чек-2004» аскерий машыгуусунун жыйынтыктоочу операцияларына президент Аскар Акаев, өкмөт башчы Николай Танаев, Жамааттык Коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа, Россиянын коргоо министри Сергей Иванов, Беларусиянын коргоо министри Михаил Мальцев, Тажикстандын коргоо министри Шерали Хайруллаев, Казакстандын коргоо министри Мухтар Алтынбаев, Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев байкоо жүргүзүштү. Мындан тышкары Кытай, АКШ, Франция, Индия өңдүү мамлекеттерден өкүлдөр байкоочу катары катышты. Машыгуунун соңунда маалымат жыйыны өттү.

XS
SM
MD
LG