Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

ОРУСИЯНЫН КАВКАЗГА КАРАТА САЯСАТЫ АЧЫКТАЛА БАШТАДЫ


Муса Мураталиев, Москва Бейшемби күнү Мамдуманын депутаттары жайкы эс алууга тарап атышып, күн тартибине шашылыш түрдө киргизип караган маселе Кавказдагы жагдай болду. Аны талкуулоо маалында өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин биринчи орун басары Валерий Лощинин депутаттардын суроолоруна жооп берди. Ырасмий Москва грузиялык-осетиндик жана грузиялык-абхаздык кармаштар учурунда ал жактарда жашаган жарандарыбызды коргойбуз дейт. Сырттан көз салуучулар мындай абал Кавказдан кеткиси келбеген Орусиянын жең астынан жүргүзгөн саясатынан улам болуп атат дешүүдө.

5-августа өлкөнүн төмөнкү палатасы жайкы эс алууга кетер алдындагы акыркы отурумун өткөрдү. Олуттуу деген үч маселе карап, анын бири катары шашылыш түрдө күн тартибине кирген Кавказдагы абал болду. Грузиянын чегинде жүрүп аткан кармашты талкууга алгандан кийин атайын билдирүү жасалды. Мамдума төрагасы Борис Грызлов журналисттерге:

- Түштүк Осетия менен Абхазияда жашаган атуулдарын коргоо үчүн Орусия колдо бар чараларын бүтүндөй колдонуусу керек. Эгер керек экен, андай чаралар эң катуу болушу зарыл, - деди.

Ошол эле бейшемби күнү Тбилисиде, ал өлкө жетекчиси Вашингтонго кеткенге байланыштуу, Грузиянын премьер-министри Зураб Жвания буга жооп кылып мындай деди:

- Мен эшикте турган машинеге олтуруп эч кандай кайтарыксыз Цхинвалиге барып, жикчилдер лидери Эдуард Кокойти менен сүйлөшүүлөрдү баштоого азыр да даярмын. Грузиянын жеринин чегин кайра калыбына келтирүүдө, ага, бир гана тынчтык жолу менен жетүү - биздин максат.

Охотный ряддагы Мамдумага кайра келсек, ал жердеги кең сарайда, «Бирдиктүү Орусия» фракциясынын депутаты Геннадий Гудков депутаттар алдында мындай суроо койду:

- Грузиялык аскерлердин аракеттери уят-сыйыт дегенди билбей, таптакыр эле чектен чыгып кетти. Эгерде Кавказда согуштук кырдаал туулса, Орусия өкмөтү ал жакка аскерин киргизүүгө даярбы?

Ал суроону укканда Орусиянын тышкы иштер министрине биринчи орун басар Валерий Лощинин безге сайгандай ыргып кетти:

- Бул согушка аттаналы деген чакырык. Буга эч убакта жол бербөө керек. Биз грузиялык тарап кайраштырган айгакка азгырылбашыбыз керек?

Ошол эле күнү Москва калаасынын мэри Юрий Лужков Абхазия баш калаасынын көрүнүп калды. Ал президент Саакашвили опузасынан кийин болуп аткандыгынан элдин кулагы катуу түрүлдү. Анын артынан Жириновский ал жакка аттанмак болуп атканын сыналгы аркылуу жар салды:

- Биз - ЛДПРчилер Саакашвилинин «чакырыгынан кийин» баарыбыз ал жакка, Сухумиге эс алганы баратабыз, - деген какшык аралаш кеп айтты.

Анализчилер таптакыр башка ой жоруп жатышат. Алар айтканга караганда, москвалык да, тбилисилик да саясатчылар бири-бирине канчалык катуу опузалап, омуроолобосун, анын акыры ок атышууга барбайт. Кептин баары Москванын Кавказга калганда жең ичинен жүргүзгөн саясатында жатат дешет саясатчылар.

Президент Саакашвилинин Вашингтонго жасаган бейрасмий сапары да ошол жең ичинен жүргүзүлүп келе жаткан саясаттын илмегин издөөдө дешүүдө.

XS
SM
MD
LG