Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

«ЧЕК-2004» АСКЕРДИК МАШЫГУУСУ АЯГЫНА ЧЫКТЫ


Жамааттык коопсуздук келишими уюму тарабынан өткөрүлүп жаткан «Чек-2004» деп аталган аскердик машыгуу бүгүн аягына чыкты. Машыгуу Балыкчы шаарынын жанындагы тоодо жайгашкан «Мамыры гүлү» талаа полигонунда өттү.

Машыгууга жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө болгон өлкөлөр - Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн ок атуучу заманбап курал-жарактар менен жабдылган 2 000ден ашуун аскерлери катышты. Аларды артиллериялык жана бронетанкалык техникалар коштоп турду.

Ал эми Борбордук азия аймагынын ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүнүн СУ-25, Су-27, МИГ-29, А-50 учактары жана МИ-8, МИ-24, ошондой эле «кара акула» деп аталган КА-50 тик учактары абадан штурмалоо боюнча өздөрүнүн күчтөрүн көрсөтүштү.
Бул машыгуунун негизги максаты «ал-Каида» баштаган террордук күчтөрдүн кол салууларына каршы биргелешип күрөшүүнүн ыкмаларын иштеп чыгуу болуп саналат.

Машыгууга Кыргызстандын мамлекет жана өкмөт башчылары жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери, ошондой эле, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн аскер атташалери байкоочу болуп катышышты. Аскердик машыгуунун бир жарым сааттык репетициялык күжүрмөн ок атуусунан кийин президент Аскар Акаев менен Жамааттык Коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери маалымат жыйынын өткөрүштү.

Кыргызстандын президенти Аскар Акаев машыгуунун эң жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, эми Борбордук Азия үчүн эч кандай террордук күчтөрдүн коркунучу жок деген сөзүн айтты:

- Эми биз аркандай багыттагы эл аралык террористтердин кандай гана аракеттери, коркунучтары болбосун, алардын күчтөрүн жеринде майтаруучу ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүбүз бар деп бекем ишеним менен айта алабыз. Бүгүнкү күндөн баштап, Борбордук Азиянын коопсуздугу үчүн ишенимдүү калкан гана түзбөстөн, Кант авиабазасы сыяктуу курч кылычка да ээ болдук.

Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Кыргызстандын президентин колдоп, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун машыгуулары ушуну менен эле бүтүп калбай, эмдиги жылы дагы уланаарын айтып өттү. Ошондой эле анын айтуусунда Орусия Кыргызстанга курал-жарак жагынан жардам берүүсүн улантат жана курал-жарактарды Орусиянын баасы менен берүүгө даяр. Сергей Ивановдун айтымында Канттагы авиабаза мындан ары да өркүндөтүлөт:

- Кант аэродромун мындан ары да өркүндөтүү жана кеңейтүү тууралуу пландар бар. Биз Кант авиабазасын өнүктүрүүгө каражат сарптоого даярбыз. Муну Орусиянын президенти Владимир Путин да колдоп, жактырды.

Кант авиабазасы тууралуу Кыргызстандын президенти Аскар Акаев мындан ары авиабаза Борбордук Азиядагы аба мейкининде коопсуздук сепили болот деген пикирин билдирди:

- Мен Кант авиабазасы Борбордук Азиянын аба мейкиндигинде коопсуздук чеби юолуп калат деп ишенем. Анткени база өнүгүп жатат. Алгач түзүлгөң кезде аэродромдун аз эле аймагында аскердик учактар турган болсо, бүгүнкү күндө авиабазага дагы кошумча учуучу тилкелерди куруу зарылчылыгы келип чыкты.

Маалымат жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болгондой азырынча Борбордук Азия өлкөлөрүнө эч кандай террордук күчтөрдөн коркунуч жок. Муну Тажикстандын коргоо министри Шерали Хайруллоев да баса белгилеп кетти:

- Ооганстанда кырдаал курчуп турганына карабай, учурда Тажикстан үчүн эч кандай коркунуч жок деп айтууга болот.

Бүгүнкү машыгууда күжүрмөндүктү көрсөтүшкөн офицерлер менен жоокерлер президенттин колунан сыйлык алышкандан кийин, аскердик парад болду.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG