Линктер

бейшемби, 23-март, 2017 Бишкек убактысы 14:48

Сауд Арапстан, Британия жана АКШда террорчулар деп шектелген адамдар камакка алынды


Саудинин бийликтери кечээ кечинде исламчыл согушкерлердин көрүнүктүү өкүлү Фарис ал-Захрани абакка отургузулганын билдиришти. Захрани – Сауди өкмөтү "Ал-Каида" менен байланышы бар, өлкөдөн Батыштын жарандарын сүрүп чыгарууну көздөгөн кыймылды жетектейт деп издөө жарыялаган 26 согушкердин тизмесинде болчу. Британия террорчу деп болжолдонгон 12 киши колго түшүрүлгөнүн маалымдады. Алардын арасында "Ал-Каиданын" активдүү мүчөсү Абу Эйса ал-Хинди да бар. АКШда болсо, Нью-Йорк штатындагы Албани шаардык мечитинин эки лидери камакка алынды. Алардын жанынан согуштук граната табылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG