Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Шахмат боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Бобби Фишер Американын жарандыгынан баш тартууга камданууда


Бул тууралуу анын адвокаты билдирди. Фишер жакында мөөнөтү аяктап калган АКШ паспорту менен саякаттап барганы үчүн Жапонияда камакка алынган. Анын адвокаты Масако Сузуки Бобби Фишер ага саясий башпаана берчү өлкөлөрдү караштырып жатканын, ал качкын статусун сурап, Бириккен улуттар уюмуна да кайрылганы жатканын кошумчалады.

Шахмат боюнча экс-чемпион эл аралык санкцияларды бузуп, 1992-жылы 3 млн. долларлык байге сайылган Югославиядагы мелдешке катышканы үчүн күнөөлүү деп табылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG