Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Грузиянын президенти Орусия менен чыңала түшкөн алакаларды оңдоо ниетин билдирди


Ошол эле учурда М.Саакашвили Грузиядан бөлүнүп алган аймактар маселесинде Москвага каршылык көрсөтүүгө дайым даяр экенин бышыктады. Кечээ Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен жолугушуудан кийин Саакашвили журналисттерге буларды айтты:

- Биз куралсызданууну каалайбыз. Бардык чөлкөмдү демократиялаштырып, Орусиялыктар менен сүйлөшүү жолун жактайбыз. Бул – биз үчүн өтө маанилүү, - деп көңүл бурду грузин президенти.

Пауэлл Вашингтон Грузия менен Орусиянын ортосундагы чатакты жөнгө салып, диалогго өтүшүнө көмөк көрсөтүүгө даяр деп белгиледи.

Саакашвили ушул аптада Вашингтонго жөнөр алдында Абхазияга Тбилисиден ырасми уруксат албай каттачу кемелердин баары грузин чек арачылары тарабынан бутага алынат деп эскертип, Москванын каарына калган. Ага удаа Орусиялык мыйзамчылардын Осетияга барган автокербени аткылангандан кийин мамилелер ого бетер начарлай түшкөн.

XS
SM
MD
LG