Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Грекия Беларустун спорт боюнча министринин Афинадагы Олимпиадага баруусуна тыюу салды


Анын алдында Европа Биримдиги Беларустун спорт боюнча министри Юрий Сиваковдун Афинадагы Олимпиадага баруусуна бөгөт коюуну кааларын билдирген.

Евробиримдиктин Брюсселдеги кеңсеси бүгүн тараткан билдирүүдө Сиваков мурда Беларустун ички иштер минситри болуп турганда, оппозициячылардын укуктарын кордоп-басмырлаганы үчүн айыптуу деп айтылган. Ал тапта Беларустун тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Руслан Есин Евробиримдиктин бул билдирүүсүн "бузукулук" деп сыпаттады. "Министр Сиваков виза алууга муктаж эмес. Олимпиаданын эрежелери боюнча, улуттук делегация аккредетациядан гана өтүшү керек, биздин спорт жана туризм боюнча министрибиз баштаган делегация андай аккредетациядан өтүп койгон", - деди Минскинин өкүлү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG