Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

ЖАЛАЛАБАДДАГЫ АЙРЫМ АЯЛДАР МАЙРАМ АКАЕВАНЫН ПРЕЗИДЕНТ БОЛУШУН ТУУРА КӨРҮШӨТ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жалалабаддагы айрым аялдар жергиликтүү кеңештерге шайлоодо көп добуш алуу менен эле чектелип калбай, парламенттик жана президенттик шайлоолорго да активдүү катышууга камданууда. Коомчулукта аялдардын шайлоого шымалана киришкенинен улам президенттикке Майрам Акаева да талапкерлигин көрсөтүшү ыктымал деген пикирлер айтыла баштады. Жалалабад облусунун Арстанбап айылында өткөн семинарда шайлоого даярдык маселеси менен гендердик саясат да талкууланды.

Дүйнөгө кооздугу жана жаңгак токою, таза аба, мөлтүр булак суусу менен таанылган Арстанбап айылында шайлоо, гендердик саясат талкуусун кыргыз өкмөтү, ПРООН жана Швециянын өнүгүү-кызматташтык уюму уюштурду. Ага облустагы өкмөттүк, бейөкмөт жана саясий-коомдук уюмдардын 75 аял-мүчөлөрү катышты.

Аялдардын мурунку шайлоодо аз орун алуусун саясий кудуретсиздик, тилектештик менен каржынын жоктугу жана коомчулуктун аларга ишеничти аз көрсөтүп жатканы менен байланыштырышты. Семинарда ошондой эле шайлоо кодексиндеги өзгөчөлүктөр да түшүндүрүлдү.

- Жыйында шайлоо кодексиндеги жаңылыктар, үгүттөө иштерин жүргүзүү, шайлоого байкоо салуу жолдору үйрөтүлдү, - деди облустагы "Аялзат" борборунун төрайымы Канышай Мусалиева.

Жалалабад шаар башчысынын орунбасары Фарида Жолдошеванын пикири боюнча аялдардын жеңилин жерден алып, тең укуктуулукту калыптандыруу үчүн коомчулук бөйрөк таянып, четте турбаса жакшы болмок:

- Ой жеткени менен кол жетпей жаткан максатыбызга өкмөттүк эмес уюмдар, мамлекеттик мекемелер жардамдашса. Мыкты аялдарды шайлоодо колдосо тең укуктуулук сакталат. Гендердик ишти жүргүзүүгө жергиликтүү бийликтерге атайын кызмат ажыратуу зарыл, - деген оюн айтты "Алга,Кыргызстан!" партиясынын облустагы координатору Фарида Жолдошева.

Президенттин алдындагы аял, үй-бүлө жана гендердик мамиле боюнча кеңештин жооптуу адиси Бурул Исакова теңчиликти үй-бүлөнүн жүгүн аял-эркек бирдей тартканынан көрөт:

- Үй-бүлө башчысы аталык милдетин аткаралбай, бала-чакасын багалбай калганынан кыйынчылыкка учурап, аракечтикке берилип, үйүн таштап атат. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук мына ушундай себептерден улам келип чыгып жатат.

Шайлоодо "аялдарга жеңилдик берилсин" деген ойго баары эле кошула беришпейт. Коомчулукта аялдар жергиликтүү, кийин парламенттик шайлоодо көп орунга ээ болушкан соң президенттикке Майрам Акаеванын көрсөтүлүшү да ыктымал деген ой-пикирлер жок эмес.

"Эл куту" партиясынын облустагы башчысы Канышай Мусалиеванын оюнда өлкө башчылыгын шайлоого каалагандар катыша алат:

- Демократиялык өлкө болгонубуздан кийин Майрам Акаеванын, башка лидер аялдардын деле президенттик шайлоого барууга акысы бар, - деди Канышай Мусалиева.

XS
SM
MD
LG