Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Саналуу күндөрдөн кийин башталчу Афина олимпиадасында бокс боюнча Кыргызстандын намысын Айбек Абдымомунов менен Асылбек Таласбаев коргойт.

Филиппиндер өлкөсүндө өткөн Азия чемпионатынын эң негизги өзгөчөлүгү - биринчи жана экинчи орунду ээлегендерге Афинада өтө турган олимпиадалык оюндарга 24 жолдомо ыйгарылган.

Ал оюнда өзбекстандыктар менен түштүк кореялыктар бештен жолдомо жеңип алышса, бокс дүйнөсүнө таанылган казакстандыктарга жана филиппиндерге бул жолу үчтөн жолдомого ээ болушкан. Пакистандык жана кытайлык экиден боксчу Афина олимпиадасына баруу укугуна ээ болушса, Кыргызстан, Сирия, Тайланд жана Түндүк Корея өлкөлөрүнө бирден жолдомо тийген эле.

Ошентип Азия чемпионатына Кыргызстандын туусун көтөрүп барган 9 жигиттин ичинен караколдук Айбек Абдымомунов гана Афина олимпиадасына баруу укугуна ээ болгон.

20 жаштагы Айбек – Кыргызстандын чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. 2004-жылдын Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Айбек Абдымомуновго «Кыргызстандын эл аралык спорт чебери» деген ардак наам ыйгарылган.

Ошондой эле июнда Түштүк Кореяда өткөн жаштар арасында дүйнө чемпионатында Айбек Абдымомунов баардык атаандаштарын утуп, өлкөнүн тарыхында биринчи ирет дүйнө чемпиондугунун алтын медалын тагынды. Афина олимпиадасына камынган Айбек бокс менен кандайча машыгып калгандыгы жана Азия, дүйнө таймаштары тууралуу мындай деди:

- Мен бокс менен 1997-жылдан бери машыгып келатам. Мен үчүн бокс дүйнөсүнүн эшигин ачып, чоң аренага алып чыккан устатым - Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бейшен Сабатаровдун салымы зор. Азия чемпионатына биринчи жолу катышкан элем. Июнда Түштүк Кореяда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатына 58 өлкөнүн өкүлдөрү барып, мен баш байгени утуп келдим. Өзүмө ишенип, олимпиадага даярдык көрүп жатам. Мен үчүн Афина олимпиадасы абдан чоң сыноо. Атаандаштарым дагы жакшы даярдык менен камынып жатат. Кимибиздин жылдызыбыз жанаарын рингдеги мелдеш көрсөтөт.

Айбек Абдымомунов жөнүндө Сидней олимпиадасынын чемпиондору Эрмахан Ибраимов менен Бекзат Сатархановду тарбиялаган Казакстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Турсун Эдилов өз пикирин мындайча билдирди:

- Айбек абдан келечектүү бокс чебери. Сиздерден биринчи ирет аалам чемпиону аталды. Аны колдоого алып, ар тараптан жардам берүү керек. Айбектин техникасы Орзубек Назаровдун ыкмаларына окшош. Соккулары да күчтүү, рингде өзүн эркин алып жүрөт. Жакшылап таптаса, олимпиадада чучукулактан да өзү теңдүү атаандаш түшүп калса, анда биздин Бекзат Сатархановдой багы ачылып кетүүсү да ыктымал.

Айбек Абдымомуновдун устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бейшен Сабатаров шакиртинин даярдыгы тууралуу мындай деди:

- Эми алыбыз жетишинче жеке метод менен даярдык көрүп жатабыз. Бир өкүнүчтүү нерсе, Афинада мен Айбектин жанында боломбу? Бул маселе алигиче чечиле элек. Эгерде мен анын жанында болуп, кеп-кеңешимди айтып турсам, балким байгелүү орунга илинип калабы деген үмүт бар. Айбекти менден артык эч ким билбейт.

Апрель айында Кыргызстандын бокс боюнча тандалма командасы Пакистанда өткөн эл аралык Гран-при мелдештерине барып, Афина олимпиадасына жолдомо берүүчү таймашка катышкан. Мында канттык Асылбек Таласбаев экинчи орунду ээлеп, олимпиадага катышууга жолу ачылган. Асылбектин бокстагы чебердиги, өзгөчөлүгү тууралуу өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык калыс Эген Рыскулов мындай деди:

- Асылбек өлкөдөгү боксчулардын лидери болуп жүрөт. Ал орто аралыкта мушташууга жөндөмдүү. Атаандаштарынын каталыктарын дароо өз пайдасына чечүүгө аракет кылат. Орто жана алыс аралыктарда туруп, арбын упай топтоого шыктуу. Быйыл Кыргыз дене тарбия институтун бүтүрүп жатат.

Кыргызстандык булгаары мээлей чеберлери Айбек Абдымомунов менен Асылбек Таласбаев Афинага 10- августта барышат. Алардын таймашуулары он төртүндө башталат.

Сүрөттө: Айбек Абдымомунов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG